Бишкекте борбордук көчөлөр жабылат

"Ала-Тоо" аянтындагы Эгемендик майрамы. Бишкек. 2018-жыл.

Эгемендиктин 30 жылдык мааракесин майрамдоо салтанатын уюштуруу жана өткөрүү иштери учурунда Бишкектин бир нече көчөсү саат 02:00 тартып жабылат. Мэриянын басма сөз кызматы кабарлагандай, Чүй проспекти менен Абдумомунов көчөсү Орозбеков көчөсүнөн Эркиндик көчөсүнө чейин жабык болот.

Аскер парадына катышуучу атайын техникалардын жүрүүсүнө шарт түзүү үчүн Валиханов, Чүй, Тыныстанов, Гоголь көчөлөрү, Чүй жана Фучик көчөлөрүнүн кесилиши, Профсоюзный көчөсү да жабылат.

Отуз жылдык мааракеге байланыштуу бүгүн, 31-августта Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда салтанаттуу иш-чара өтөт.
Борбордук Ала-Тоо аянтында көз карандысыздыктын 30 жылдыгына арналып аскер парады, театрлаштырылган оюн-зооктор жана концерттик программа болот. (ZKo)

Дагы караңыз

Ооганстан: Билимдүү жаштар келечекке кабатырЖамбылдагы жарылууда өлгөндөрдүн саны 15 кишиге жеттиСОVID-19: Казакстанда бир күндө 124 өлүм, 5000ден ашуун бейтап катталдыЖоочулар Кабулдун аэропортун көздөй ракета атканын моюнуна алдыПольша-Беларус: Чек арадагы тосмону бузууга аракеттенгендер кармалдыКабулда террордук чабуул коркунучу күч"Отуз жылда коррупция тамырлады, демократия түптөлдү"