Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:27

"Отуз жылда коррупция тамырлады, демократия түптөлдү"


Профессор Аалыбек Акунов.
Профессор Аалыбек Акунов.

Эгемендиктин 30 жылында Кыргызстанда демократияга багытталган институттар түзүлдү. Бирок коррупциялык схема тамырлап кетти. Тарых илимдеринин доктору Аалыбек Акунов 30 жылдык эгемендик учурундагы жетишкендиктер жана кемчиликтер тууралуу "Азаттыкка" ой бөлүштү.

- Аалыбек мырза, Советтер союзу деген ири мамлекет кулап, анын курамындагы 15 республиканын катарында Кыргызстан да эгемендик алганына быйыл 30 жыл болду. Бул аралыкта эмнелерге жетиштик? Ийгиликтер болдубу?

- Азаттыкка чыккан кыргыз элинин 30 жылдык тарыхы өзөктүү, келечекке багытталган окуяларга аябай бай болду. Мурдагы 70 жылдык коммунисттик доорго салыштырмалуу аябай бай болду. Анткени ошол коммунисттик системага каршы келген, рынок мамилелерине негизделген экономика орноду. Саясатта чыныгы демократияга багытталган институттар түзүлдү. Бийлик бутагынын бөлүнүшү, көп партиялуулук системасы, сөз эркиндиги, ойдун көп түрдүүлүгү сыяктуу нерселердин негизги пайдубалы орнотулган мезгил болду.


- Кандай кемчиликтер, көйгөйлөр болду деп айта аласыз?

- Мына ушул 30 жылдык тарыхтын 15 жылы туңгуч президент Аскар Акаевдин башкаруусуна туш келди. Акаев болсо азыркы коррупциялык схемалардын баарын түзүп кеткен. Акаевдин эң негизги күнөөсү - Кыргызстандын келечекке болгон ишеничин уурдаган. Ал сөзү менен иши дал келбеген, митаамдык, арамзалык саясатын жүргүзүп, натыйжада, элдин өзгөчө 1993-1995-жылдарга чейинки бийликке болгон ишеними такыр жоголгон. Азыр Акаевдин кесепетинен кыргыз эли бийликке такыр ишенбей турат.

Андан кийин келген президенттер да Акаевдин схемасын бузган жок, тескерисинче, аны өркүндөтүп, бүгүнкү арааны ачылган чоң масштабдагы коррупцияга чейин жетти. Билим берүүдө чоң жоготуулар болду. Сабаты төмөн адамдар көбөйдү. Маданиятта да, социалдык жактан колдоо жаатында да көйгөйлөр аябай көп.

Бирок айта кетүү керек, кошуна өлкөлөргө караганда Кыргызстан келечекке умтулган иштерди көп жасап жатат. Кыргыз элинин эң негизги жетишкендиги - изденип жатканында. Кагылышууга чейин жетсе да, өз пикирин ачык айтууда. Шайлоо башка мамлекеттерде эле идеалдуу өтүп жатат дейсизби? Аларда деле биздикиндей эле бурмалоо менен өтүп жатат. Бирок биздин эл каршылыгын билдирип жатат да. "Жок, мындай болбойт" деп силкинип жатат. Улам кийинки шайлоо мурункусунан таза болуусун талап кыла билгени маанилүү.


- Алдыда Кыргызстанды эмне күтүп турат? Бир жагынан диний таасир күчөп, экинчи жагынан коррупция буттан тартып, үчүнчүдөн сырттан коркунучтар болуп жаткан чакта Кыргызстан кандай жол менен өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошула алат?

- Бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн эң негизги жол - мамлекеттин үстүнөн көзөмөл болуучу интеграциялык уюмдарга биригүү. Мисалы, тамырланып кеткен коррупцияны Кыргызстандын ичинен эле күрөшүп, жок кылууга мүмкүн эмес экенин көрдүк. Башка мамлекеттер менен биригип, бир уюм түзүп, анын алдында милдеттенмелерди алсак, мына ошондо коррупцияны жоюуга жол ачылат деп ойлойм. Эгер ЕАЭБ (Евразиялык экономикалык биримдик -ред) катуу күчтөнүп иштеп кетсе, биздин бийлик жалаң кыргыз элинин алдында гана жоопкер болбой, ал уюмга мүчө болгон башка мамлекеттердин алдында да жоопкер болот.

Сырттан мамлекеттин үстүнөн көзөмөл болсо, жең ичинен жеп ичүүнүн тамыры кыйылмак. Антпесе, азыр кыргыз мамлекетинин тамырын кесип жаткан эң негизги көйгөй - бул коррупция. Коррупция кыргыз мамлекетин чөгөлөттү. Азыр кыргыз эли мамлекет менен сый болуп, өзүнчө эле жашап калды. Учурда эл бакубат жашайт, бирок мамлекет жарды болууда, дагы жарды кылып, көйгөйлөрүн тереңдетип жаткан кайра эле коррупция. Кыргыз эли канча жолу коррупциялык башкарууга каршылыгын билдирди, канча жолу силкинди, бирок улам жаңы келген бийлик кайрадан эле ага кирип кетип жатат.
Биз Бажы биримдиги Кыргызстандын бажысындагы жеп-ичкенди бир топ ооздуктап, азайтканына күбө болдук. Ошондон улам, интеграция Кыргызстандын келечеги деп айтып жатам.


Акыркы мезгилде эл аралык мамиледе бардык өлкөлөр биригип, биримдик түзө башташты. Улуттук мамлекетке тиешелүү болгон чек ара маселелери, акча, бажы сыяктуулардын баары жоюлуп, биримдикке берилип жатат. Мурдагы союздук республикалар да Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ), Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги (КМШ), ЕАЭБ сыяктуу уюмдарга чогулган. Мындай уюмдардын эң мыкты үлгү көрсөтүп жатканы - Евробиримдик. Ошондуктан, бардык мамлекеттер ага кирүүгө кызыкдар. Дагы кайталап айтам, Кыргызстандын келечеги биримдикте.

-Маегиңиз үчүн чоң рахмат!

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG