27-августта милиция кызматкери айдоочуну аткан окуяга байланыштуу Бишкек шаардык кайгуул-күзөт башкармалыгынын (ШККБ) рота командиринин орун басары жана эки кенже инспектор кармалды. Үчөө тең Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагынын убактылуу камоочу жайына киргизилди.
Мекеменин басма сөз кызматы булар өзгөчө оор кылмышты жашырып, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелип жатканын кабарлады.
27-августтун кечинде Бишкек шаардык кайгуул-күзөт башкармалыгынын кызматкери аткан октон жаракат алган адам ооруканага жетпей жан берген. Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы алгач тараткан маалыматта эреже бузган айдоочу милиционердин тапанчасын талашкан учурда кокусунан атылып кеткени айтылат. Көп өтпөй социалдык тармактарда милиционер тапанчасынан өзү ок чыгарганы тартылган тасма тараган. Анда айдоочу менен чогуу үч-төрт милиционер сүйлөшүп турганы, ок чыккан учурда алар ошол жерде болгону тартылган.
Ок чыгарган милиционер 28-августта кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу камоочу жайына киргизилген. Ага карата Жазык кодексинин 321-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "Курал же атайын каражаттарды колдонуу менен байкабастыктан олуттуу зыян келтирүү") менен иш козголуп, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Ишти УКМК тергеп жатат.
ИИМдин ички коопсуздук кызматы окуяны иликтей турганын жарыялады. (ZKo)
Дагы караңыз
Ноябрга белгиленген шайлоо, саясий күчтөрдүн абалы жана дымагы Казакстан Жамбылдагы жарылуудан курман болгондорго аза күтүп жатат Бишкекте "Ынтымак" паркынын экинчи бөлүгү ачылдыКоронавирус дагы 213 кишиден аныкталып, беш бейтап көз жумду Чек ара: Максатта үйлөр бүттү, көйгөй калдыДашковдун ооруканага которулушунан улам УКМКнын кызматкерлери иштен четтетилди Ошто жол кырсыгынан үч киши каза таптыОрусияда июль айында 50 миңден ашуун киши коронавирустан көз жумду