Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен жетинчи чакырылышка парламенттик шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленди. Азыр шайлоого катышчу саясий күчтөр ич ара сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы белгилүү болду.Аралаш система менен өтө турган шайлоого саясий күчтөрдүн даярдыгы кандай?
Ноябрда өтө турган парламенттик шайлоодо депутаттар партиялык ачык тизме (54) жана бир мандаттуу округдардан (36) шайланып келет. Борбордук шайлоо комиссиясы бир жуманын ичинде мажоритардык система менен шайлоо өтчү округдардын чек араларын бекитет.
Ал эми партиялык ачык тизме менен өтчү шайлоонун босого чеги 7% 5% түшүрүлгөн.
Президент шайлоо мыйзамына кол койгон күнү "Ата Мекен" партиясынын жетекчилиги жыйын куруп, парламенттик шайлоого катышарын алгачкылардан болуп жарыялады.
"Ата Мекен" партиясы сатылбайт, күрөөгө коюлбайт. "Ата Мекен" партиясы күрөшө берет. Бул жолу да шайлоого катышабыз", - деди партия лидери Өмүрбек Текебаев.
Бирок саясий серепчи Марс Сариевдин баамында, Кыргызстан президенттик башкаруу формасына өтүп, парламенттин ыйгарым укугу мурдагыдан чектелгенден уламбы, бул жолу саясий күчтөрдүн Жогорку Кеңеш үчүн даярдыгы азырынча байкалбайт.
“Мурда шайлоо баштала электе бийликтин партиясы, оппозициялык партиялар анык болуп калчу. Азыр тынчып эле калышты. Президенттик башкарууга өткөндөн кийин парламенттин дагы кебетесин көрдүк. Азыр радикалдуу оппозиция деле жок. Текебаев элчи болуп кетип жатыптыр, Мадумаровдун колдоочулары өтө көп эмес. Бабанов болсо кайра саясаттан кетти. Менин оюмча, саясий абал алмашты. Айрым оппозициялык партиялар көтөрүп чыккан либералдык идеялар да элден колдоо тапкан жок. Шайлоо башталып жатат, мен оппозиция тууралуу уккан да жокмун”.
Оппозициянын алы кандай?
Оппозиция демекчи, былтыр октябрда өткөн парламенттик шайлоого оппозициялык күчтөр төрт-беш партиянын туусунун астында, чачыранды болуп чыкканы белгилүү.
Саясий серепчи Айданбек Акматов бул жолу бийликтин партияларына каршы күчтүү оппозициялык биригүүлөр жүрүп жатканын айтат.
“Оппозициялык күчтөр дагы активдешүүдө. Мисалы, “Бүтүн Кыргызстан” партиясы былтыркы шайлоодо кысымга карабай 9% жакын добуш алган. Азыр бийликтин рейтинги төмөндөп жатат. Мадумаровдун айланасына саясий күчтөр чогулуп жатканына күбө болуудабыз. Андан башка “Социал-демократтар” активдешүүдө. Алар митингдерди уюштурууну пландоодо, шаардык кеңешке дагы өтүп келишкен. Андан сырткары альянс түзүлүп жатканын угуп жатабыз. Бирок бул альянс “Социал-демократтар” менен “Бүтүн Кыргызстанга” биригип кетиши мүмкүн”.
Абакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев дагы “Социал-демократтар” партиясынын айланасына саясий күчтөрдү чогултуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы айтылууда.
Айрым маалымат каражаттары Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков “Социал-демократтар” партиясы менен шайлоого бара турганын жазып чыкты. Момбеков "Азаттыкка" буларды билдирди.
“Маалымат каражаттары кайсы булакка таянып мени “Социал-демократтар” партиясы менен шайлоого барат деп жазды билбейм, мен расмий түрдө билдире элекмин. Бирок мага жана депутат Жанарбек Акаевге партиянын желегинин астында шайлоого баруу боюнча Алмазбек Атамбаевден сунуш түштү. Жакында жолугуп чыкканда ал киши суранды. Экөөбүз жакын арада жооп айта турган болдук. Мурдагы КСДП партиясынын иши сотто каралып жатат, эгер сотто утуп чыксак, эски КСДП менен шайлоого барып калышыбыз мүмкүн”.
Депутаттар Рыскелди Момбеков менен Жанарбек Акаев 2020-жылы октябрда өткөн парламенттик шайлоого “Ата Мекен” партиясын баштап барышкан.
Мөөнөтүнөн бир жыл кечиккен парламентке кайра шайлоо өлкөдө бийлик алмашып, саясий күчтөрдүн балансы өзгөргөн шартта өткөнү турат.
Маселен, Өмүрбек Бабанов, Асылбек Жээнбеков баштаган бир топ саясатчыларга "Кумтөр иши", дагы бир канчасына "Коррупция", "Мыйзамсыз баюу" беренелери менен кылмыш иши козголгон. Бабанов дарыланам деген жүйө менен чет өлкөгө кетсе, Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров, Жеңиш Молдокматов, Равшан Жээнбеков, Алмазбек Атамбаев жана башкалар камакта.
Бийликчил партиялар шайлоого даярбы?
Анткен менен парламенттик шайлоого бийликчил партиялардын даярдык көрүп баштаганын Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов байкаган:
“Күздө өтүүчү парламенттик шайлоого бийлик кайсы партияларды чыгарары белгилүү болуп калды. Алар Камчыбек Ташиевдин “Ата-Журт Кыргызстан” партиясы жана Арзыбек Бурканов сүрөгөн “Ишеним” деген партия. Дагы бир партия болушу мүмкүн. Жогорку Кеңештеги бай депутаттар ушул эки партияга кирип, президенттен уруксат сурап жатканын угуп жатабыз. Мындай жол былтыркы окуяларга алып келиши мүмкүн. “Биримдик” менен “Мекеним Кыргызстанды” алып келем деп, Сооронбай Жээнбеков кетти. Ким кайсы партияга барам десе бара берсин. Президентти депутаттар коргоп кала албайт. Ошондуктан президент кийлигишпей койсо туура болот эле”.
Бекешов сөз кылган “Ата-Журт Кыргызстан” партиясына атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиевге тиешеси бар экени айтылганы менен УКМК төрагасы өзү аны четке каккан. Бул партия быйыл жергиликтүү кеңештерге шайлоодо көпчүлүк аймакта жеңишке жеткен.
Былтыр жыйынтыгы жокко чыгарылган шайлоодо "Мекенчил" партиясын баштап барган Ташиевдин бул жолу шайлоого барар-барбасы так айтыла элек.
Эл аралык республикалык институттун жаңы сурамжылоосуна ылайык, Камчыбек Ташиевдин рейтинги 2020-жылдын декабрь айында 11% болсо, учурда 24% көтөрүлгөн.
Ташиевге таандык экени айтылып жаткан "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынын өкүлдөрү менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок.
Депутат Дастан Бекешев президенттин дагы бир жакын адамы Арзыбек Бурханов артында турат деген “Ишеним” партиясы 11-июлда өткөн Бишкек шаардык кеңешине кайра шайлоодо үчүнчү орунду алган. Бурханов бул партияга тиешеси бар-жогу тууралуу үн ката элек.
"Ишеним" партиясынын теңтөрагасы, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Рысбай Аматов партия парламенттик шайлоого даярдык көрүп жатканын ырастап, "Ишенимдин" артында Арзыбек Бурханов турат деген сөздөрдү четке какты.
"Жаш, жаңы саясий күчтөрдөн түзүлгөн партия. Эгер бийликтин партиясы болсок шаардык кеңештеги шайлоодо көбүрөөк мандат албайт белек. Бийликтин партиясы деген ушак, колдосо жакшы болот эле. Парламенттик шайлоого даярданып жатабыз. Катарыбызга саясий күчтөр кошулуп жатат".
Жогорку Кеңештин депутат Рыскелди Момбеков бийлик башка да партияларды чыгарышы мүмкүн дейт.
“Президенттин партиясы жок болгон менен анын жанындагылар көмүскө жетекчилик кылып жаткан партиялар шайлоого даяр. Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов дагы бир партияны баштап чыгары белгилүү болуп калды. Командасындагы депутаттар менен Алайкууга барып акылдашып келди. Буларга каршы жок дегенде эки оппозициялык блок түзүлөт”.
Президент Садыр Жапаров ушул жылдын февраль айында Орусиядагы мекендештер менен жолугуп жатып, анын "Мекенчил" партиясы шаардык кеңештерге жана парламенттик шайлоого катышпай турганын айткан.
Жапаров буга чейинки элдик толкундоолор шайлоолордун ыплас өткөнүнөн улам болгонун белгилеп, ушундай чечим кабыл алынганын айтканы бар.
Ошентип, Кыргызстан 16 жылдан кийин кайрадан бир мандаттуу мажоритардык система менен шайлоо өткөргөнү турат. Партиялык ачык тизме менен биринчи жолу шайлоо өтөт.
Саясий партиялар жана бир мандаттуу округдардан ат салышчу талапкерлер шайлоого 40 күн калганга чейин Борбордук шайлоо комиссиясына тизмесин, арызын тапшырышы керек.