Ок чыгарган милиционер УКМКнын тергөө абагына киргизилди

ИИМдин кайгуул-күзөт кызматкерлери. Иллюстрациялык сүрөт.

27-августтун кечинде бир адамды өлтүрө аткан деп шек саналган милиционер Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына киргизилди.

Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Айзада Кубатова "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтуусунда, ок чыгарган милиция кызматкеринин ишин атайын кызмат иликтейт.

"Маалымат түшөрү менен Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын (РИИБ), прокуратурасынын кызматкерлери жана "Тез жардам" окуя болгон жерге барган. 32 жаштагы А. Ч. аттуу жаран кайгуул-күзөт башкармалыгынын кызматкери Д. Ж. аткан октон көкүрөгүнөн жараат алганы маалым болгон. Медицина кызматкерлеринин аракетине карабай, ок жеген жаран каза болгон. Окуя болгон жерден алынган далил заттар жана жанындагы видеокамералардан жазуулар алынып, тергөө материалдарына кошулган", -деп билдирди Кубатова.

Бул факт Жазык кодексинин 321-беренеси (1-б."кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", 2. "курал же атайын каражаттарды колдонуу менен байкабастыктан олуттуу зыян келтирүү") менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Өндүрүш УКМКга өткөрүлүп берилген.

Бул окуя боюнча ИИМдин ички коопсуздук кызматы иликтөө жүргүзөрү буга чейин кабарланган.

Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы мурдараак эреже бузган айдоочу милиционердин тапанчасын талашкан учурда кокусунан атылып кеткенин, натыйжада андан жараат алган айдоочу көз жумганын маалымдаган. Социалдык тармактарда милиционер тапанчасынан өзү ок чыгарганы тартылган тасма тарады.(ZKo)

Дагы караңыз

Президент Жапаров Баткенде курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты "Ас-Сарахси" мечитинин имамы Рашод Камолов эркиндикке чыгарылды Өзбекстанда "басмачылар" актала баштады Бишкекте милиционердин ок чыгарган окуясы иликтенүүдөЧек ара: Максатта үйлөр бүттү, көйгөй калдыКабулдагы терактта 200дөй адам жараат алдыАКШнын чалгын кызматы COVID-19 вирусу боюнча иликтөөсүн жарыялады