Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:50

Бишкекте милиционердин ок чыгарган окуясы иликтенүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кайгуул-күзөт кызматкеринин огунан адам өлгөн окуя тууралуу түшүндүрмө берди. ШИИБдин басма сөз кызматы ок кокусунан атылып кеткенин маалымдоодо.

Ал эми соцтармактарда тапанчаны кайгуул-күзөт кызматкери атканы тартылып калган видео тасма тарады.

Расмий маалыматка ылайык, 27-август күнү, саат 21:30 чамасында Жибек-Жолу жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинде ИИМдин кайгуул-күзөт башкармалыгынын экипажы каршы тилкеде келе жаткан "Toyota RAV-4" автоунаасын токтоткон.

"Автоунааны айдап бараткан 32 жаштагы А. Ч. жол эрежесинин бузулганы жөнүндө протокол түзүлүп жаткан учурда тополоң кылып, документтерин калтырып кетип калган. Бир канча убактан кийин ал кайтып келип, кайгуул-күзөт кызматкерлерине үстөмдүк кыла баштаган. Чатак чыгарып, мушташууга аракет кылган. Мындан тышкары инспектордун табелдик тапанчасын алууга аракеттенген. Тапанчаны талашып жаткан учурда кокусунан атылып кетип, айдоочу жараат алган", - деп жазылган маалыматта.

Натыйжада атылган октон айдоочу каза тапкан.

Социалдык тармактарда окуя тартылып калган видеотасма жарыяланды. Анда "Toyota RAV-4" унаасынын айдоочусу менен милиционер машине токтотуучу жайда сүйлөшүп турганы, бир аздан кийин айдоочу унаасын айдап кетип калганы, көп өтпөй кайра келген айдоочуну милиционер тапанчасын алып чыгып атканы тартылган.

Бул факт Бишкектин Свердлов райондук ички иштер бөлүмүндө катталды. Окуяны ИИМдин ички коопсуздук кызматы иликтеп жатат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG