Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматынын Айдаркендеги "Бел" отрядында кызмат кылган жоокер кол гранатын текшерип жатып, колунан жеңил жаракат алды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
"Айдаркен чек ара отрядынын "Бел" бекетинде кызмат өтөп жаткан ефрейтор А. уулу А. кол гранатын текшерип жатып, оң жак колунан жеңил жаракат алды. Алаканы сыйрылып кеткен жоокерге медициналык жардам көрсөтүлгөн. Учурда ефрейтор кызматын улантып жатат", деп жазылган маалыматта.
Мындан тышкары Чек ара кызматында чек арачылардын аскердик күжүрмөн даярдыгы дайыма текшерилип, анын алкагында курал-жарак, аскер техникалары да көзөмөлдөн өткөрүлүп турары кабарланган. (ZKo)
Дагы караңыз
Ош шаарынын мэрлигине Алмаз Мамбетовдун талапкерлиги көрсөтүлдүАКШ Ооганстандын Борбордук банкынын активдерин убактылуу жаптыФарид Ниязов: Инандыга жарандык мыйзамдуу берилгенДепутат Самаев Токмок шаарынын мэрлигине көрсөтүлдүСалык кызматы унаа, турак жай, жер салыгын төлөөгө чакырдыАшраф Гани эмнеден жазды?Кыргызстандагы ооган жарандары "качкын" макамын талап кылуудаCOVID-19: 260 адамдан вирус аныкталып, 5 киши көз жумду