Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:45

Салык кызматы унаа, турак жай, жер салыгын төлөөгө чакырды


Бишкек. 2018-жыл.
Бишкек. 2018-жыл.

Салык кызматы унаа, турак жай жана жер салыгын төлөө мөөнөтү эки жумадан кийин бүтөрүн эскертти. Андыктан 1-2-сентябрга чейин менчик ээлерин салык төлөөгө чакырат.

"Салык төлөө үчүн дагы эки жума бар. Салык кызматы жарандардын убактыларын банктардын кассаларында кезек күтүүдөн коротпостон, алдын-ала, тынч жана ашыкча кыжалат болбостон убагында төлөөгө чакырат", - деди Салык кызматы.

Салыкты бардык банктардын кассаларында, почта бөлүмүндө, ошондой эле төлөм терминалдары, мобилдик жана интернет банкинг аркылуу төлөөгө болот.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 1-сентябрына чейин унаа каражаттарына салыкты, 2-сентябрга чейин – турак үй, батир (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган) жана жер салыгын (короо-жай жанындагы, бактуу-чарба жер участоктору) төлөө зарыл.

Салыктарды өз убагында төлөбөгөн учурда жеке жактарга миң сом, юридикалык жактарга 5 миң сом өлчөмүндө административдик айып салынат. (МТа)

XS
SM
MD
LG