Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:41

АКШ Ооганстандын Борбордук банкынын активдерин убактылуу жапты


Ооганстандын борбордук банкынын Кабулдагы кеңсеси
Ооганстандын борбордук банкынын Кабулдагы кеңсеси

АКШ Ооганстандын Борбордук банкындагы эсептерин убактылуу жапты. Муну менен талибдер миллиарддаган долларды колдонуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады.

“Ооганстандын Борбордук банкынын АКШдагы бардык активдерин “Талибан” колдоно албайт”, - деп билдирди 18-августта Кошмо Штаттардын администрациясынын өкүлү.

АКШнын бийлиги мындай чечимди “Талибан” өткөн аптада Ооганстандын борбору Кабулду басып алган соң кабыл алууда. Учурда Ооганстандын дээрлик бардык аймагы “Талибандын” көзөмөлүндө турат.

Эл аралык Валюта фондунун маалыматы боюнча Ооганстандын Борбордук банкынын резервдери апрель айынын соңунда 9,4 миллиард долларды түзгөн. Бул каражаттын көпчүлүк бөлүгү Нью-Йорктун Федералдык резервдик банкында жана АКШдагы башка финансы мекемелеринде сакталып турат. Анда актив катары доллар жана алтын бар.

"Талибан" АКШнын санкциялык тизмелерине киргизилген. Ошондуктан, эгер АКШ жана башка өнөктөштөрү "Талибандын" бийлигин тааныбаса банктагы активдерди кайтарып алуу кыйын болот. Мындан сырткары АКШ Ооганстанга Эл аралык Валюта фонду жана Дүйнөлүк банк сыяктуу эл аралык кредиторлордун жардамын да токтотууга аракет кылышы мүмкүн.

Дүйнөлүк Банктын маалыматы боюнча, Ооганстан дүйнөдөгү эң жакыр өлкөлөрдүн бири болуп саналат. Бул өлкөнүн мамлекеттик бюджетинин төрттөн үчү сырттан келген жардамга көз каранды.

XS
SM
MD
LG