16-августка карата өлкөнүн башкы суу чөйчөгүндө чогулган суунун көлөмү 11 млрд. 948 млн. куб метрге жетти. "Электр станциялары" ишканасынын маалыматына караганда, ушул тапта суу сактагычка секундасына 461 куб метр суу агып кирип, кайра 357 куб метр суу агып чыгууда.
Былтыр августта суу сактагычта 14,5 млрд. чукул суу топтолгон.
Быйыл март айынын аягында "Токтогулда" суунун көлөмү 8 миллиард куб метрге чейин азайган. Суу 6 миллиард куб метрге түшсө, ГЭС авариялык абалга кабыла турганын энергетиктер эскертип келет.
Энергетикалык коопсуздукту камсыздоо максатында быйыл август-декабрь айларында Түркмөнстандан 501,9 млн. кВт/саат электр энергиясын сатып алуу боюнча келишим түзүлдү.
Келишим президент Садыр Жапаровдун июндагы Ашхабадга жасаган расмий сапары учурунда жетишилген. Ошондой эле Түркмөнстандан жаратылыш газын сатып алуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат. (ZKo)
Дагы караңыз
Бишкекте түнкү клубда кызга кол көтөргөн чет элдик жаранга иш козголдуОшто чатакташкан милиция кызматкерлери кызматынан бошотулдуОюн-зоок борборунда кызматкер кызга кол көтөргөн киши бир айга камалдыТүркия: суу ташкыны менен жер көчкү 57 кишинин өмүрүн алдыКыргызстан Ооганстандан 1200 качкынды кабыл ала алат70 өлкө талибдерди каалоочуларды Ооганстандан коопсуз чыгарууга чакырдыОоган аскерлери Тажикстанга учуп өттү