Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:38

70 өлкө талибдерди каалоочуларды Ооганстандан коопсуз чыгарууга чакырды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Дүйнө жүзүндөгү 50 өлкө жана Евробиримдик Ооганстандан чыгып кетүүнү каалаган чет элдик жана жергиликтүү тургундардын коопсуздугун камсыздоо тууралуу билдирүүгө кол коюшту.

“Жолдор, аэропорттор жана чек аралар ачык болуп, тынччылык сакталышы керек. Ооган эли коопсуз жашоого татыктуу. Ал эми эл аралык коомчулук аларга жардам берүүгө даяр”, – деп жазылган АКШ Мамдепартаменти тараткан биргелешкен билдирүүдө.

Жекшемби күнү талибдер Кабулду согушсуз алып, президенттик сарайды ээлеген. Президент Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кетти.

Кабулга коменданттык саат киргизилип, Кабул аэропорту чет элдик дипломаттардын убактылуу баш калкалоочу жайына айланды. Ал жакта азыр АКШ, Франция жана Германиянын дипломаттары турат.

Кабулдагы ок атышуулардан соң коммерциялык рейстер токтогон. Дүйшөмбү күнү жүздөгөн адам коргондон ашып түшүп, учактарга түшүүгө аракет кылышты. Америкалык аскерлер эскертүү иретинде асманга ок чыгарып, аларды токтотушкан. Пентагон коопсуздукту камсыздоо үчүн аскрелердин саны көбөйтүлөрүн билдирген.

XS
SM
MD
LG