Түркиянын Карадеңиз жээгинде болгон суу ташкын менен жер көчкүнүн кесепетинен жеке турак-жайлар кыйрап, жолдор бөгөлдү. Бул тууралуу Түркиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Бир нече күндөн бери Түркиянын Карадеңиз жээгинде жайгашкан Кастамону, Синоп жана Бартин провинцияларында суу ташкын болуп, айрым аймактарда жер көчкү жүргөн.
Түркиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча Кастамонуда 48, Синопто 8 жана Бартинде бир киши каза болду.
Кастамону провинциясынын ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча жаратылыш кырсыгынан кеминде дагы 77 киши дайынсыз. Аларды издөө издөө иштери жүрүп жатат.
Дагы караңыз
Кыргызстан Ооганстандан 1200 качкынды кабыл ала алатCOVID-19: Орусияда күн сайын 800дөн ашуун адам каза табууда70 өлкө талибдерди каалоочуларды Ооганстандан коопсуз чыгарууга чакырдыОоган аскерлери Тажикстанга учуп өттүСадыр Жапаров Ооганстандагы абалга көз салып турат