Орусияда төрт күндөн бери коронавирустан 800дөн ашуун адам каза болууда.
Жекшемби күнү илдетке каршы ыкчам штаб бир суткада дагы 816 киши көз жумганын кабарлады. Андан бир күн мурун 819 адам каза болгон.
Бул пандемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч болуп калды.
Каза болгондор Москвада, Санкт-Петербургда, Краснодар крайында жана Иркутск облусунда көп.
Ушул эле күнү Москванын мэри Сергей Собянин ишканалардын кызматкерлеринин 30%дан кем эмес бөлүгүн аралыктан иштетүү боюнча буйругун жокко чыгарды.