Кыргызстандын Жеңиш чокусунун аймагында жоголгон эки ирандык альпинист: Мехри Жафари жана Реза Адинени издөө иштери уланып жатат.
Тышкы иштер министрлиги туристтерди издөөгө куткаруучулар жана тик учактар тартылганын, издөө 6-августтан тарта жүрүп жатканын кабарлады. Азырынча иш натыйжасыз.
"Азаттык" радиосуна "Ак-Сай Тревел" туристтик компаниясы билдиргендей, Жафари менен кошо жоголгон дагы бир турист Саид Мирзаи бийик аскадан Кытайдын аймагына кулап түшкөнү божомолдонууда.
Мехри Жафаринин "Фейсбуктагы" баракчасында анын туугандары 8-августтан тарта "Мехрини табууга жардам бериңиздер" деген кайрымдуулук акциясын баштады.
2008-жылы Жафари Хан-Тенгри чокусуна чыккан биринчи аял альпинист болгон.
Анын теги ирандык, Лондондо билим алып, Британияда жашайт.(ZKo)
Дагы караңыз
"Коррупция илим тармагын да чырмап алды"Талкуу жараткан "Манастын уулу Семетей" тасмасыТеатр дүйнөсүн эңшерген үч жоготуу"Барымтадан кийин оорукчан болуп калдым"COVID-19: Чымкентте атайын оорукана толуп калды"Талибан" Ооганстандагы бир нече шаарды ээледи