Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:04

Театр дүйнөсүн эңшерген үч жоготуу


Актрисалар Искра Раимкулова, Бүкалича Жоробаева жана режиссер Жадылбек (Жалил) Мидинов
Актрисалар Искра Раимкулова, Бүкалича Жоробаева жана режиссер Жадылбек (Жалил) Мидинов

Кыргыз кино жана театр дүйнөсү үч күн аралыгында эле белгилүү үч адамынан айрылды. Маданият өкүлдөрү үч таланттын катары менен көзү өтүшү кыргыз маданиятын оор жоготууга учуратты деп белгилешүүдө.

6-августта Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисти Бүкалича Жоробаева 59 жашында дүйнөдөн өттү. Кесиптештеринин айтымында, актриса пневмония дартынан улам каза болгон.

Ал эми 8-августта кыргыз драма театрынын дагы бир белгилүү актрисасы, Кыргыз Эл артисти, кыргыз театр жана кино искусствосунун көрүнүктүү таланты Искра Раимкулова да пневмониядан 84 жаш курагында акка моюн сунду.

Дал ушул күнү 65 жашында Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, кыргыз театр искусствосунун белгилүү режиссеру, Бакен Кыдыкеева атындагы кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын көркөм жетекчиси Жадылбек (Жалил) Мидинов да узакка созулган оорудан каза тапты.

Замандаштары эскерет

Драматург, театр жана кино режиссеру Жаныш Кулманбетов Искра Раимкулованы чыгармачыл потенциалы бийик актриса катары сыпаттады. Анын пикиринде, актриса өз заманындагы театр дүйнөсүндө бурулуш жасай алган таланттардын бири:

Жаныш Кулманбетов.
Жаныш Кулманбетов.

“Раимкулованын театрдагы ойногон “Жеңишбегин” биз "Легендарлуу Жеңишбек" деп айтабыз. Ал эми легенданы жаратуу үчүн бийик потенциалга ээ болуш керек. Раимкуловага чейин дагы жана андан кийин дагы балдардын ролун ойноо боюнча анын деңгээлине жеткен эч ким жок деп айтсак болот. Бул өзү анык чындык. 20-кылымдын 60-жылдары “Атанын тагдыры” бүтүндөй өлкөгө дүңгүрөгөн чыгарма болгон. Мына ошол даңкты үч гана актёр жарата алды деп айта алабыз. Алар: Муратбек Рыскулов, Даркүл Күйүкова жана Искра Раимкулова”.

Режиссер Кулманбетов Раимкулова табиятынан таланттуу артист экенин кошумчалады. Ал театрдагы окуялардын бирин мындайча эскерди:

“Бир ирет легендарлуу актриса Таттыбүбү Турсунбаевага Жульеттанын ролу берилгенде Искра Раимкуловага дагы дублер катары экинчи курамдагы роль берилген. Ошол күндөрдүн биринде Турсунбаева роль ойноого мүмкүнчүлүгү болбой калып, тез жардам алып кеткенде, ордуна Раимкулова ойногон. Мына ошондо ал Таттыбүбүнү баалап келген көрүүчүлөрдүн ордунан туруп кол чабуусуна татыган. Биз ушундан эле анын талантынын кандай экенин билсек болот".

Баладай дили таза талант

Раимкулова чыгармачылык башатын 1957-жылы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында актриса болуп баштаган. Адегенде театрга травести (балдардын ролун ойногон артист) катары кызматка алынган талант чыгармачылык таржымалынын ичинде Кыргыз мамлекеттик драма театрынын сахнасында отуздан ашуун тестиер балдардын образын жараткан.

Ошону менен катар Раимкулова кыргыз театрына балдардын гана ролун ойногон артист эмес, лирикалык актриса катары да таанылганын замандаштары эскерет. Алардын айтымында, актриса назик, поэтикалык жан дүйнөсү терең талант болгон.

Кыргыз Эл артисти Эгемберди Бекболиев ар бир чыгармачыл адамда коштоп жүрөр бир өкүт болорун, айрыкча ал өкүнүч мурунку муундагы артисттерде болорун айтат:

“Таланттуу актерлор улам бир ролду аткарган сайын ошол ролдун деңгээлинен улам бийик роль аткарууну каалайт. Раимкуловада да ошондой өкүт болгондур. Бирок ал өкүнүчүн билдирбей кетти. Бул адам эмне үчүн балдардын ролун жакшы ойногон? Менин оюмча анын ички дүйнөсү баланыкындай таза болгон. Бир гана “Жеңишбекте” эмес, “Унутулгус күндөр”, “Ромео менен Жульетта” же андан башка чыгармаларда деле анын дилинин тазалыгы сезилип турчу. Ал аракеч аялдын образын жаратса дагы, аны күнөөлөй албай тургандай аткарчу. Көрөрман, тескерисинче, анын каарманын аяп кетер эле. Роль ойногондо ички дүйнөсүн айрым гана актерлор сыртка көргөзө алат. Алардын бири Искра Раимкулова болчу”.

Искра Раимкулова "Ала-Арча" көрүстөнүнө жерге берилди.
Искра Раимкулова "Ала-Арча" көрүстөнүнө жерге берилди.

Көр турмушка баш ийбеген актриса

Бекболиев маркум актриса Бүкалича Жоробаеваны да эскерип, анын чыгармачылыгы эми бышып-жетилгенде дүйнөдөн өтүп кеткенин кеп кылды:

“Бүкалича окуусун Алматыдан бүтүп келип, жакшы образдарды жаратты. Кийин базар экономикасы келгенде, ал да эл катары турмуштун айынан бала-чака багам деп театрдан алыстап калган учурлары болду. Өкүнүчтүүсү балдарын буттан тургузуп, чыгармачылыкка эми кызуу аралашам деп жүргөндө көзү өтүп кетти. Бирок артында эл эскерип жүрөр эмгек калтырды”.

Бүкалича Жоробаева 1979-жылы Ош шаарындагы Валентина Терешкова атындагы мектеп-интернатты аяктагандан кийин, Фрунзе шаарындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын алдындагы театралдык студияга өткөн.

1981-жылы аталган окуу жайын ийгиликтүү бүтүп, Алматыдагы мамлекеттик театр искусствосу институтунун “Театр жана киноактеру” бөлүмүндө окуган.

1985-жылы аталган институтту ийгиликтүү аяктап келип, Фрунзе шаарындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына артист катары ишке кирген.


Замандаштарынын айтымында, актриси Бүкалича Жоробаева дээрлик отуз жылга чамалаган чыгармачылык жолунда ондогон ар түрдүү диапозондогу ролдорду ийгиликтүү ойноп, кыргыз көрүүчүлөрү менен театр адистеринин купулуна толгон.

Жалгыз тилегине жетпей кеткен режиссер

Маданиятка эмгек сиңирген ишмер Жадылбек Мидиновду Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын жетекчиси Темирлан Сманбеков эскерип, эмгектерине токтолду:

Темирлан Сманбеков.
Темирлан Сманбеков.


“Жадылбек акыркы жылдары эки чоң иш жасады. Биринчиси, Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” романынын негизинде Султан Раев экөө сахналаштырган “Маң” спектакли. Биз бул спектакль менен Астана, Ташкент шаарларын кыдырып, бөтөн элди да таңкалдырып келдик. Андан кийинки чоң эмгеги - Чыңгыз Айтматовдун “Жамийла” повести боюнча даярдаган спектакли. Ал спектакль Ош шаарында алты өлкө катышкан сынакта баш байгени багындырган. Мындайча айтканда, Мидинов койгон спектаклдер шедевр болуп калды. Жадылбектин эмгегин чет өлкөдөн келген театр сынчылары да жогору баалашты. Ошону менен катар жакын арада жазуучу Султан Раевдин “Топон” чыгармасынын негизинде спектакль коюуну үчөөбүз пландап жүргөнбүз. Мидинов бул спектакль театрга өзгөчө жаңылык менен кирет деп кубанып жүргөн. Тилекке каршы, ал ошол максатына жетпей өтүп кетти”.

Темирлан Сманбеков Жадылбек Мидинов менен куурчак театрында жети жыл бирге иштеген. Алар Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” романынын негизинде “Томого” аттуу спектаклди иштеп чыгып, Казакстанда өткөн эл аралык фестивалда баш байгени жеңип алышкан.

Сманбеков Жадылбек Мидинов “Учур” театрында маркум актриса Жамал Сейдакматова менен да көптөгөн спектаклдерди коюп, чет өлкөлөрдө зор ийгиликтерди жаратканын кошумчалады.

Жадылбек Мидинов менен коштошуу зыйнаты.
Жадылбек Мидинов менен коштошуу зыйнаты.

Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Эл артисти Назира Мамбетова эгемендүүлүктүн 30 жылында көпчүлүк таланттар мамлекет тарабынан бааланбай кеткенин, антсе да алар элдин жадында сакталып калганын билдирди. Актриса жакын арада жогорудагы үч театр ишмерлеринин катарында өзүнүн таланттуу курсташы Гүлгакы Сейитова да өткөнүн айтып кейиди:

Назира Мамбетова.
Назира Мамбетова.


“Бүгүнкү күндө биз - маданият кызматкерлери ушунчалык чөгүп турабыз. Себеби арабыздан төрт театр ишмери узап кетти. Биринчиси Искра Раимкулова эжекебиз, экинчиси менин курсташым Гүлгакы Сейитова, үчүнчүсү Жадылбек Мидинов, төртүнчүсү Бүкалича Жоробаева. Ушунчалык ичим ачышып турам. Алар билинбегени менен чоң эмгектерди жаратып кетти, мен төртөөнө тең аял катары, актриса катары башымды ийип таазим этем”.


Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын жетекчиси Асылбек Өзүбеков чыгармачыл адамдардын кээде бийик ийгиликтерге жетип турганын, кээде роль тийбей калган учурун – мыйзам ченемдүү көрүнүш деп эсептейт. Өзүбеков жогорудагы көзү өткөн таланттар өз миссияларын татыктуу деңгээлде аткара алганын кеп кылды:

“Чыгармачылыктын өзүнүн табияты ушундай болуп калат. Биз Искра эженин Жеңишбектин ролу менен тарыхта калганын мисал кылып жатпайлыбы. Башка дагы ролдорду өз убагы менен ойной алды. Андан кийин деле далай убакыт өтүп кетти. Баардык эле таланттуу адамдын чыгармачылыгы бирде жанданып, кадамы туу чокуга жетип калат, бирде токтоп калат. Адам ар дайым эле бийиктиктерде да жүрө бербейт. Бирде киного көп тартылып каласың, бирде сунуш түшпөй калат. Андыктан бул таланттардын потенциалын пайдалана албай калдык деп деле кейий берсек туура болбой калат”.

Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын көркөм жетекчиси Назым Мендебаиров катары менен көзү өткөн театр ишмерлеринин артыкчылыктарына токтолду:

Назым Мендебаиров.
Назым Мендебаиров.

"Биздин кесиптешибиз Бүкалича Жоробаеваны 59 жашында элди каптаган илдет алып тынды. Эсибизди жыйгыча эле Эл артисти Искра Раимкуловадан айрылып калдык. Ал эже менен "Шабдан" спектаклинде чогуу ойноп калдым. Жөнөкөй бир кемпирдин ролун ойносо да өтө даярданчу. Өтө боорукер эле, өзүмдүн чоң энемди көргөндөй болуп калчумун. Ал эми Жадылбек агабыз өлкөбүздөгү билими бар бирден-бир куурчак театрынын режиссеру эле. Ал куурчак өнөрүн, театр өнөрүн өнүктүрүүгө чоң салым кошту. Айла жок, чыгаан таланттар эле, аттиң".

9-августта Кыргыз эл артисти Искра Раимкулова менен коштошуу зыйнаты Кыргыз драма театрынын алдында өтүп, сөөгү “Ала- Арча” көрүстөнүнө коюлду.
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Жадылбек (Жалил) Мидинов менен коштошуу зыйнаты Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрында болуп, анын сөөгү да “Ала-Арча” көрүстөнүндө жерге берилди.

Ал эми КРнын Ардак грамотасынын ээси, актриса Бүкалича Жоробаеванын сөөгү 7-августта Чүй облусундагы Москва районунун Беш-Көрүк айылында жерге берилген.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

XS
SM
MD
LG