Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:10

"Талибан" Ооганстандагы бир нече шаарды ээледи


Ооганстандын Кундуз шаары.  8-август, 2021-жыл.
Ооганстандын Кундуз шаары.  8-август, 2021-жыл.

"Талибан" кыймылы Ооганстандын дагы бир нече шаарын ээлеп алды. Өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Кундуз шаарынын көп бөлүгү жоочулардын колуна өткөнү кабарланууда. Балх жана Тахар провинцияларында өкмөттүк күчтөр менен талибдердин кармашы уланып жатат.

"Талибан" кыймылы дем алыш күндөрү Ооганстандын кеминде үч шаарына толук же жарым-жартылай көзөмөлүн орнотту. 9-августта өлкөнүн түндүгүндөгү Балх провинциясынын борбору Мазари-Шарифге жакын жерде өкмөттүк күчтөр менен жоочулардын ортосунда куралдуу кагылыш жүрүп жатканы белгилүү болду.

Эгер кошумча күч жөнөтүлбөсө, ооган армиясы бул аймакта жеңилүүгө дуушар болушу мүмкүндүгүн Tolo NEWS телеканалынынын булактары эскертишти. Өлкөнүн түштүгүндөгү Гильменд провинциясынын борбор шаары Лашкаргах үчүн да айыгышкан салгылашуу жүрүп жатканы кабарланууда.

Кундуз үчүн күрөш

Атын атагысы келбеген булактар "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна ырасташкандай, 8-августта жоочулар Ооганстандын түндүк-чыгышындагы Талукан жана Сари-Пул шаарларына көзөмөлүн орнотушту. Ошондой эле талибдер өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Кундуз шаарынынын көпчүлүк бөлүгүн ээлеп алышты.

375 миңдей калкы бар Кундуз Ооганстандагы эң маанилүү стратегиялык шаарлардын катарында турат. Азырынча ооган күчтөрү Кундуздагы өз базасын жана башкы аэропортту гана көзөмөлдөп турганы, негизги өкмөттүк имараттардын баары талибдердин колуна өткөнү кабарланып жатат. Мындай маалыматы Кундуз провинциясынын жергиликтүү кеңешинин башчысы Мухаммад Юсуф Аюби белгисиз жерден телефон аркылуу "Азаттык" радиосунун ооган кызматына ырастады.

"Улуттук коопсуздук башкармалыгындагы, соттогу, полиция башчысынын жана губернатордун кеңселериндеги расмий кызматкерлер чыгып кетишти. Алар шаардын Сари-Давра аймагына качышты. Жогорудагы өкмөттүк имараттарды "Талибан" басып алды. Талибдер шаардагы түрмөнү да көзөмөлгө алып, соттолгон адамдарды бошотуп жиберди. Айрым аскерлер жана жайкын тургундар мерт болду, жараат алышты. Шаардын айрым аймактарында бир нече дүкөн өрттөлдү. Кундуз шаарынынын ичинде кырдаал өтө начар", - деди Мухаммад Юсуф Аюби.

Жоочулардан качкан ооган жарандары, Герат аймагы, 8-август 2021-жыл.
Жоочулардан качкан ооган жарандары, Герат аймагы, 8-август 2021-жыл.

Бирок Ооганстандын Коргоо министрлиги "Кундуз кулады" деген маалыматтарды четке какты. Министрлик 8-августтагы билдирүүсүндө шаарды жоочулардан тазалоо операциясы башталганын, калаадагы негизги жол кесилиши кайрадан өкмөттүк күчтөрдүн колуна өткөнүн, талибдер улуттук телеканалдын жергиликтүү кеңсесинен сүрүлүп чыгарылганын белгиледи.

"Талибан" кыймылынын басма сөз өкүлү Забиулла Мужахид ооган өкмөтүнүн Кундуздагы негизги имараттары, анын ичинде Улуттук коопсуздук боюнча башкармалыктын кеңсеси да талибдердин колуна өткөнүн "Твиттер" аркылуу жарыялады.

Кундуздагы уруштан бир топ адам окко учканы белгилүү болду. Шаардагы жергиликтүү медиктер 14 кишинин, анын ичинде аялдар менен балдардын сөөгү табылганын, 30дан ашуун адам жараат алганын билдиришти.

Эгер Кундуз толугу менен жоочулардын колуна өтсө, анда бул талибдердин чабуулдары башталгандан берки өкмөттүк күчтөрдүн эң чоң жеңилүүсү болуп калышы мүмкүн. Мындан тышкары Кундуз жоочулардын көзөмөлүнө өткөн Ооганстандагы бешинчи шаарга айланат.

Талибдерден туулган коркунуч

Талибдер 6-августта Ооганстандын түштүк-батышындагы Нимроз провинциясынын борбору Заранжды, Жаузжан провинциясынын борбору Шибарганды басып алышкан. Аны улай Тахар провинциясынын борбору Талукан жана Сари-Пул провинциясынын негизги шаары Сари-Пул да талибдердин колуна өттү.

Сари-Пулда мамлекеттик кызматкерлер жакын жердеги аскердик базага сүрүлүп чыгарылды. Аталган провинциянын Аялдардын иштери боюнча департаментинин башчысы Набила Хабиби "Азаттыктын" ооган кызматына маек куруп, өзүнүн жана талибдерден качкан аялдардын өмүрү үчүн кооптонуп турганын айтты.

"Талибдер аялдардын коомдо, өзгөчө саясатта активдүү болушун эч качан каалаган эмес. Айрыкча алар аялдардын укугун коргогондорду эч качан кабыл алышпайт. Биздин департамент ар дайым аялдардын укугун коргоп келген. Бул департаменттин башчысы болгонум үчүн алар мени бир нече жолу коркутушкан. Акыркы үч күндө мага телефон аркылуу көп жолу эскертүү беришти", - деди Набила Хабиби.

Кунар провинциясындагы жер которгон ооган жарандары, 7-август 2021-жыл.
Кунар провинциясындагы жер которгон ооган жарандары, 7-август 2021-жыл.

Талибдердин чабуулдары май айынын башында АКШ жана бир катар өлкөлөр өз күчтөрүн Ооганстандан чыгарып кете баштагандан тарта күчөгөн. Андан бери талибдер Ооганстандын бир катар аймактарын, анын ичинде Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан менен чектеш райондорун да ээлеп алды.

Эл аралык коалициянын аскерлери 11-сентябрга чейин Ооганстандан чыгып кеткени жатат. Бирок аскерлердин чыгарып кетүү жараяны андан эрте эле аяктаганы турат.

АКШнын борбордук командачылыгы бул жараян дээрлик 95 пайызга жыйынтыкталганын, аскерлер 31-августка чейин ооган жергесинен чыгып кетерин билдирди.

Азырынча эл аралык оюнчулардын ооган өкмөтү менен талибдердин ортосунда кандайдыр бир макулдашууга жетишүү аракетинен толук майнап чыга элек. "Талибан" кыймылынын басма сөз өкүлү "Аль-Жазира" телеканалына берген комментарийинде Кабул өкмөтү менен ок атышууну токтотуу боюнча эч кандай келишим жок экенин айтты.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG