Республиканын бир катар аймактарында 5-августтун кечинде кайрадан сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Баткен облусунун Лейлек, Баткен райондорунда сел суусу эки баш кой-эчкини агызып кетип, жалпысынан 12 чакырымдай ички автожолдорду, 20 гектар үлүш жерди жана 20 чакты үйдүн короосун каптады.
Нарын шаарында нөшөр жааган жамгырдын кесепетинен Ак-Коргон айылындагы 15 турак үйдүн короосун, анын ичинен беш үйдүн ичин, бир үйдүн жертөлөсүн суу каптады.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) ушул жуманын аягына чейин Кыргызстандын тоолуу аймактарында сел жүрүшү ыктымал экенин эскерткен.
Өткөн айда Баткенде сел 16 жаштагы өспүрүмдүн өмүрүн алган. Жалал-Абад облусунда селдин курмандыгы болгондор онго чукулдаган. Ысык-Көл облусунун бир катар айылдарында да сел жүрүп, айрым үйлөр жана жолдор жарактан чыккан. (RK)
Дагы караңыз
Лейлек: Нааразылык акциясына чыккандар менен облус башчысы жолугатТокио-2020: Эрназар Акматалиев биринчи беттеште утулду “Кыргызкөмүрдүн” директору эки айга УКМКнын тергөө абагына камалдыКоронавирустан дагы сегиз адам көз жумду, 658 бейтап жаңы катталды