Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:33

Токио-2020: Эрназар Акматалиев биринчи беттеште утулду


Токиодогу Жайкы Олимп оюндарында эркин күрөш боюнча кыргыз балбаны Эрназар Акматалиев биринчи беттеште утулду.

Ал 65 килограммга чейинки салмакта алгачкы беттешти 6-августта индиялык Бажраң Пуниа менен өткөрүп, эсеп 3:3 болду. Бирок жеңишти калыстар индиялык спортчуга ыйгарды.

Эгер Пуниа финалга чыкса, Эрназар жооткотуучу беттеште күчүн сынап, коло үчүн күрөшүүгө жол ачылат.

27 жаштагы индиялык балбан Дүйнө чемпионатынын үч жолку байге ээси (бир күмүш, эки коло), Азиянын эки жолку чемпиону, үч жолку күмүш, эки жолку коло байгесинин ээси. Азия оюндарынын күмүш жана коло байгесин уткан.

Эрназар Акматалиев 23 жашта. 2019-жылы Иранда өткөн Тахти кубогунун жеңүүчүсү. 2018-жылдагы жаштар арасындагы Азия чемпионатынын күмүш байгесинин ээси. 2015-жылы уландар (кадеттер) арасындагы Азия чемпионатынын коло байгесин алган.

Ошондой эле бүгүн 125 кг салмакта кыргыз балбаны Айаал Лазарев жооткотуучу беттешке чыгып, түркиялык Таха Акгүлгө 4:0 эсебинде утулду.

Лазарев 5-августта америкалык Дэн Гейбл Стивенсон менен күрөшүп 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңилип, чейрек финалга чыкпай калган. Америкалык спортчу финалга чыккандыктан кыргызстандык балбанга жооткотуучу таймашта күчүн сыноого жол ачылган эле.

23-июлда расмий башталган Токио-2020 оюндарына Кыргызстандан 16 спортчу аттанган. Алардын ону байге ала албады. Балбандар Айсулуу Тыныбекова менен Акжол Махмудов күмүш, Мээрим Жуманазарова коло медал утту.

7-августта кыргызстандык жөө күлүк Дарья Маслова да күчүн сынайт.

Кыргызстан медалдардын саны боюнча 66-позицияда келатат. Олимпиадага 200дөн ашуун мамлекет катышууда. (SE)

XS
SM
MD
LG