Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:28

Коронавирустан дагы сегиз адам көз жумду, 658 бейтап жаңы катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 6-августтагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан дагы сегиз адам каза болду.

Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2380 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 658 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (345) жана Чүй облусунда (80).

Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 167 734 адамга жетти.

Бир күндө 1532 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 3173 адам жатат, дагы 6874 бейтап үйдөн дарыланууда.

Кыргызстанда 2020-жылдын март айында башталган коронавирус эпидемиясы июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталып, быйыл жазында вирусту жугузуп алгандардын саны кыйла азайган жана күнүнө 30га жетпеген бейтап катталып жаткан.

Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көбүрөөк экенин айтып келишет.

15-июнда Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги өлкөдө коронавирус эпидемясынын үчүнчү толкуну жүрүп жатканын расмий билдирген. Июндун башында бир күндө коронавирус менен 2 миңге чукул бейтап катталып жаткан. (RK)

XS
SM
MD
LG