Лейлек: Нааразылык акциясына чыккандар менен облус башчысы жолугат

Баткен. Иллюстрациялык сүрөт.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Лейлекте нааразылык акциясы болуп жаткан жерге жөнөп кетти. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна облустук администрациядан кабарлашты.

Интернеттеги социалдык түйүндөрдө тараган айрым маалыматтарга караганда, бүгүн 6-августта Лейлекте Баткен-Исфана жолун ондогон жергиликтүү тургун тосуп, жол кыймылына тоскоолдук жаратылды. Алар аймакта алтын кенин иштетүү аракетине каршылыгын билдиргени айтылууда.

Дагы караңыз

Токио-2020: Эрназар Акматалиев биринчи беттеште утулду “Кыргызкөмүрдүн” директору эки айга УКМКнын тергөө абагына камалдыКоронавирустан дагы сегиз адам көз жумду, 658 бейтап жаңы катталдыПарктын кызматкерине жасалган зомбулукту милиция териштире баштады

Бийлик өкүлдөрүнөн азырынча бул тууралуу расмий маалымат боло элек. (RK)