Кыргызстанда бир күндө төрт өспүрүм сууга чөгүп каза болду

Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматына караганда, 20-июлда Чүйдүн Аламүдүн районундагы “Кыргызстан” жаңы конушунда суу сактагычка 10 жаштагы бала чөгүп кеткен. Анын сөөгүн жергиликтүү тургундар таап чыккан.

Ушул эле күнү Аламүдүндүн Гроздь айылындагы суу сактагычка 17 жана 14 жаштагы кыздар чөгүп кеткен. Бирөөнүн сөөгүн эс алып жүргөн адамдар, экинчисиникин куткаруучулар таап, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

20-июлда Ысык-Көл облусунун Маяк айылында да 12 жаштагы кыз сууга чөгүп кетип каза болгон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги дарыяларга, каналдарга, суу токтотмо жайларына сууга түшүүгө тыюу салынарын эскертип, ата-энелерди балдарына сак болууга чакырып жатат. (BTo)

Дагы караңыз

COVID-19: тогуз адам көз жумду, вирус 1102 кишиден аныкталдыУКМК: Нарында мыйзамсыз иштеген майнинг-ферма аныкталды Жалал-Абадда жер силкиндиКабул: айт намазда атылган ракета