Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:14

COVID-19: тогуз адам көз жумду, вирус 1102 кишиден аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы күрөшүү штабынын 21-июлдагы маалыматына караганда, акыркы бир суткада COVID-19 вирусунан дагы тогуз бейтап көз жумду. Бишкекте беш, Чүйдө үч, Нарында бир киши каза болду.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жаңы эсебине ылайык, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери анын курмандыктары жалпысынан 2 205 адамга жетти.

Вирус соңку бир суткада дагы 1 102 кишиден аныкталды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында - 827 бейтап. Расмий маалыматка ылайык, ушуну менен вирус жуккандардын жалпы саны 152 709 адамга жетти. Андан 128 905 бейтап айыкты. Өлкөдө коронавирустун үчүнчү толкуну жүрүп жатат.

Ушул күндөрү 4 509 адам ооруканада дарыланууда. Алардын ичинен 232 бейтаптын абалы өтө оор, 1 305 кишиники оор деп бааланууда. Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көп экенин айтып келатышат.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча дагы 39 медициналык кызматкерден коронавирус аныкталды. Ушуну менен жалпы 6 238 медкызматкерге COVID-19 жукту. Анын 5 464ү сакайды. (BTo)

XS
SM
MD
LG