Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:55

Кабул: айт намазда атылган ракета


Ооганстанда Президенттик сарайда окулган айт намазы маалында Кабулдун чок ортосуна ракеталык аткылоо болду. 20-июль, 2021-жыл.
Ооганстанда Президенттик сарайда окулган айт намазы маалында Кабулдун чок ортосуна ракеталык аткылоо болду. 20-июль, 2021-жыл.

Курман айт күнү Кабулдагы президенттик сарайга жакын жерге үч ракета түштү. Бул окуя ооган президенти Ашраф Гани катышкан айт намазы окулуп жатканда болду. Президент Гани "бул өлкөнү ракеталар эмес, жүрөк менен гана багындырууга мүмкүн" деп айтты.

Орусия Тажикстан жана Өзбекстан менен бирге Ооганстан менен чек араны чыңдоого киришкенин жарыялады. Бул арада Ооганстага чектеш жерде 18 түркмөн аскери белгисиз жагдайда кайтыш болгону кабарланды.

Курман айт намазындагы ракеталык чабуул

Ооган коопсуздук күчтөрүнүн маалыматында, 20-июль күнү эртең менен Курман айт намазы окулуп жаткан маалда Кабулдун борборуна үч ирет ракета атылды.

Бул окуя ооган президенти Ашраф Гани президенттик сарайда башкалар менен биргеликте айт намазына жыгылган учурда болду.

Ашраф Гани Курман айт майрамы менен ооган элин куттуктап жатып, бул окуяга токтолду:

Ооганстан. Президент Ашраф Гани ооган элин Курман айт менен куттуктап жаткан учур. 20-июль, 2021-жыл.
Ооганстан. Президент Ашраф Гани ооган элин Курман айт менен куттуктап жаткан учур. 20-июль, 2021-жыл.

"Алар 2-3 ракета коё берип туруп, бизди окуп жаткан намазды токтотууга мажбурлайбыз деп ойлошот. Силер эч ким кыймылдап да койбогонун көрдүңөр. Бул өлкөнү ракеталар менен басып алууга мүмкүн эмес. Аны жүрөк менен гана багындырууга болот",-деди Ашраф Гани.

Ооганстандын Ички иштер министрлиги ракеталар президенттик сарай, дипломатиялык корпустун имараты жайгашып, күчөтүлгөн тартипте кайтарылган Кабулдагы "Жашыл зонанын" сыртына түшкөнүн билдирди. Андан канча киши жаракат алганы расмий кабарлана элек.

Бул үчүн жоопкерчиликти эч бир тарап өзүнө ала элек.

"Бул чабуулдар аркылуу душман биздин өлкөнү кыйратып саларын көргөзгүсү келип жатат. Бирок, алар эмне кылгысы келбесин, анын бардыгы Исламга каршы. Өзгөчө, айт, жума намаздарын окуп жатканда мечиттерге кол салуу",-деди кабулдун тургуну Тамим Рошанмал.

Бул окуядан соң президенттик сарайда Курман айтка карата калкка кайрылуу жасаган президент Гани “Талибан” кыймылын “тынчтык үчүн мунасага келүү каалоосу жок” деп айыптап, ага ошого жараша мамиле керектигин айтты. Бул айыптоо Ооганстанда кырдаал курчуп, талибдер өлкөнүн бир кыйла бөлүгүн ээлеп алган учурга туура келди.

Көпчүлүк оогандыктарды бул кырдаал бушайман кылып, айрымдары орун которууга мажбур болуп жатат.

"Бизде азыр аябай көйгөйлөр көп. Экономикалык, коопсуздук маселелери жана коронавируска байланыштуу көйгөйлөр. Ошондуктан биз азыр жөн эле, Кудай бизге жакшы шартта жашоону буюрса экен деп тилейбиз", - дейт ооган тургуну Фарид Райхан.

Бул арада ооган чек арасына жакын жерде Түркмөнстандын 18 аскери сырдуу жагдайда каза тапканы айтылды. Аскер жетекчилиги окуянын себептерин бейрасмий түрдө жол кырсыгынан деп атады. Бирок аскерлердин сөөктөрүн туугандарына тапшырганда табыттарын ачтырбай көмдүргөнүн “Азаттыктын” түркмөн кызматы билдирди.

Ушул эле маалда Орусия Тажикстан, Өзбекстан менен бирге Ооганстан менен чек араны чыңдап, аскердик машыгууларды өткөрө турганы жарыяланды. Ага 1500 аскер, эки жүздөн ашуун аскер техникасы жана авиация тартылары белгиленди.

Бул жагдай АКШ баштаган эл аралык күчтөр Ооганстандан чыгып, "Талибан" кыймылы күчөгөн маалга туура келди. Өткөн жумада Катардын борбору Дохада өткөн тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн жыйынтык чыккан эмес.

Тектеш

XS
SM
MD
LG