Кыргызстандын Жаза аткаруу кызматынын маалыматына ылайык, коронавирус пандемиясы башталгандан бери өлкөнүн жабык жайларында жазасын өтөп жаткан 47 адам вируска чалдыккан. Алардын ичинен 11 киши быйыл ооруга чалдыккан. Жалпы катталгандардын ичинен 45 адам коронавирус жуктурганы лабораториялык жактан тастыкталган. Эки адамдын ооруганы соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен маалым болгон.
Абактарды кайтарган кызматкерлер арасында коронавируска чалдыккандардын саны көбүрөөк. Пандемия учурунда түрмө кайтарган 96 кызматкер илдетке чалдыккан болсо, 64ү өпкөсүнөн кагынып ооруган.
Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында кармалып турган төрт адам короновирус белгилери менен ооруканага жаткырылганы 16-июлда кабарланды.
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жаңы эсебине ылайык, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери 2 154 адам каза болду. Вирус 146 миңден ашык адамга жугуп, андан 123 миңге жакын бейтап айыкты. (ZKo)
Дагы караңыз
"Алтынкен" жыл башынан бери 2188 килограмм алтын казды Түркия Орхан Инандыга "террордук уюмду башкарган" деп айып койдуДүйшөмбү Кыргызстанда окуп жаткан тажикстандык студенттерди алып кететТергелбеген кылмыш, милициянын колун байлаган кодексПамирликтер туугандарына сарсанааДенис Монастырский Украинанын жаңы ички иштер министри болду"Ооган кыргыздарынын кембагалдары жардамга муктаж"