Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитетинин эксперти Салтанат Бараканова Миграция комитетинде иштеп турганда Ооганстандагы кыргыздарга бир канча жолу барып келген. Ал соңку жагдайга байланыштуу "Азаттыкка" маек курду.
- Сиз оогандык кыргыздарга кайсы жылдары баргансыз? Алар менен жолукканда "Талибандан" коркуп-кооптонуп жашарын байкаган белеңиз?
- 2007-жылы Кичи Памирде Абдрашит хан тирүү кезинде бизге алардан кат келген. Мен анда этникалык кыргыздар менен иштеген Миграциялык фонддун жетекчиси элем, менин атыма кат келген. "Бизге жардам бергиле, аябай кыйналып жашайбыз" деген мазмунда кат жиберишкен. Ал кезде биздин фонд караган Миграция комитетинин башчысы Айгүл Рыскулова болчу. Ал киши президентке кирип сүйлөшүп, бизге оогандык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирүү тууралуу тапшырма түшкөн.
Биз оогандык кыргыздарга биринчи жолу 2008-жылы 100 тоннадай азык-түлүк алып барганбыз. Андан кийин 2012, 2013, 2014 жана 2016-жылы бардык. Азыр болсо Кыргызстан аларга жылына 10 миллион сомдук гумжардам чегерген. Аларга ошонун негизинде жардам беришет, бул жакка көчүп келгендерге дагы жардам берилет.
Биз барган жылдары аларда "Талибан" деген сөз жок болчу. Талибдер деле ал жакка келбейт эле. Алар өзүнчө эле бардык нерседен чектелип калган, бөлүнүп калган өздөрүнүн дүйнөсүндө жашаган адамдардай эле. Билесиңер, алар деңиз деңгээлинен 3,5-5 миң бийиктикте жашайт. Алар мал-жанын караш үчүн жаздоо, жайлоо, күздөө жана кыштоо деп жылына төрт жолу көчөт. Жашоо-шарттары өтө начар, боз үйлөрдө турушат.
Мурда Памирдин Кытай тарабындагы кыргыздар менен байланышып, бартер менен гана соода кылышчу экен. Ошондо боз үйлөрүн кытайлык кыргыздардан сатып алышчу экен. Кийин ал жакта жол тосулуп калгандан кийин, боз үйлөрү жаңырбай, жедеп эскилеринде гана жашап калышкан. Топурактан үй куруп ала алышпайт, анткени тактай жок, ал жакта бак өспөйт. Ушундай жагдайлардан улам аларды көчүрүп келүү маселеси көтөрүлгөн. Ошол маалда көчүп барабыз деп каалагандар көп болчу.
Өзүңөр билгендей, 2017-жылы биринчи топту көчүрүп келип, Нарынга жайгаштырышты. Азыр болсо Чоң-Алайда үйлөр курулуп, көчүрүлүп келди.
Ооганстанда кыргыздар Чоң Памир жана Кичи Памир деген эки жерде жашашат. Алар бири-бири менен түз байланыша алышпайт. Кичи Памирде жашагандар Вахан коридору менен ары түшүп, анан Чоң Памирге келет. Бири-бири менен катышканга алардын ортосунда түз жол жок. Айланып келип катышат.
Жогоруда айткандай, аларда биз барган жылдары "Талибан" тууралуу сөз болгон эмес. Бирок биринчи жылдары барганда 20 жаштан 40 жашка чейинки кыргыз жигиттерди нөөмөтчүлөр деп Чек ара кызматына иштетип, чек араны ошолор кайтарчу. Кийинки жылдары барганда ооган аскерлери өздөрү бардык жабдуулары менен келип, чек араны өздөрү кайтарып калышкан экен.
- Азыр 300дөн ашык оогандык кыргыз Тажикстанга качып келгени тууралуу маалымат чыкты. Кыргызстан БУУга, Тажикстанга аларды алып келүүгө байланыштуу кайрылды. Ушул учурдан пайдаланып оогандык кыргыздарды жапырт көчүрүп келүү керекпи? Айрымдары баарын алып келүүнүн кажети жоктугун, ошол жеринен жардам берилиши керектигин айтышат. Сиз алардын жашоо-шартын көрүп келген адам катары буга байланыштуу пикириңиз кандай?
- Бул маселеде менин пикирим дагы эки ача. Ооганстандын аларга жакшы шарт түзүп, жашоо-турмушун оңдоп бергенге мүмкүнчүлүгү жок. Кыргызстандын дагы аларды жеринде колдогонго, там, мектеп салып бергенге мүмкүнчүлүгү жок. Эгерде аларга ошол көнгөн жеринде колдоо көрсөтүлсө албетте жакшы болмок. Ал аймакта жашаганга көнүшкөн.
Биз аларды биринчи көчүрүп келгенде кантип адаптация болот, тоонун башында микробу жок жашагандарга вирус жукпайбы, ооруп калбайбы деп кооптонгонбуз. Бирок сонун эле адаптация болуп, сонун эле жашап кетишпедиби. Алардын арасында кетүүнү каалагандарды, тарыхый мекени Кыргызстанга келгиси келгендерди албетте алып келишибиз керек.
Ал жакта кембагал, колунда жоктору бар. Алтургай барып паспортун ала алышпайт. Ошондуктан Кыргызстан, кыргыз өкмөтү биринчи кезекте ошол кембагалдарына көңүл бурушубуз керек. Кабулга барып паспорт алып келгенге мүмкүнчүлүгү, колунда барлары, байлары дагы көп.
Бизге негизинен ошондой колунда бар, мал-салдуулары көчүп келди. Алардын мал-жандыгын тигил жакта туугандары карап жатат, өздөрү бул жакка көчүп келишти. Ооганстандагы калган туугандарынан кабар алып, чарбасына барып келип жатышат. Бул жакка жетимдер, колунда жоктору келе элек. Ошолорго көбүрөк көңүл буруу керек.
- Кыргызстанга көчүп келгендерге колдоо, жардам жетиштүү болуп жатат деп ойлосузбу?
- Албетте жетиштүү эмес. Үй куруп, жөлөк пул чегерип, биздин жарандыкты беришти. Бул жакшы. Бирок экономикалык-социалдык жактан аларга дагы жардам берилиши керек деп ойлойм. Мисалы аларга үй куруп берген жерде эч нерсе өспөйт, дайыма ызгаар шамал болуп турат. Ал жерге бир нерсе өстүрүш үчүн балким күнөсканаларды куруп, ушундай бир атайын программа керек.
Оогандык кыргыздарды көндүрүп, коомго аралаштыруу үчүн атайын программалар болушу керек. Ошол программалардын негизинде аларга өзгөчө көңүл буруп, өзгөчө мамиле кылуу керек. Аларды кесипке үйрөтүп, жумуш менен камсыздоо зарыл. Мисалы алар килем токуп, таар сокконду жакшы билишет, ошол өнөрүн андан ары өнүктүрүп, чакан ишканаларды ачып, аларды жумуш менен камсыздашса жакшы болмок.