Коомчулукта соңку кездери уурулук көбөйүп, аларга каршы күрөштө укук коргоо органдары кайдыгер мамиле кылууда деген талкуулар күчөдү. Бирок күч органдары кылмыштуулук мурдагыдай деңгээлде экенин, болгону интернет сыяктуу ачык булактарда кылмыштар тууралуу маалымат көп экенин айтышууда.
Үлпөт тойдун акчасын уурдатып
Бишкектин тургуну Нурланбек Үмөталиев эрезеге жеткен уулун июлдун аягында үйлөнтүп, той бермек. Той чыгымдары үчүн үйдөгү машинесин 3,5 миң АКШ долларына сатып, уулуна карматкан. Уулу бул акчаны Военно-Антоновка айылындагы тойканага барганда уурдатып жиберген.
"Кылмышка шектүү адамды айылдын участкалык милициясы менен чогуу кармап, Сокулук райондук ички иштер башкармалыгына алып келдик. Уулум, анын досу жана күбө катары келген тойканага жакын май куючу жайда иштеген адам менен шектүүнү беттештирсек, баары аны таанышты. Видео байкоого түшүп калыптыр. Ошол маалда ага бирөө телефон чалып калды. Телефонунан "моюнуңа албай, аягына чейин тур" деп Ринат деген бирөө сүйлөдү. Ринат деген Сокулук районундагы ишти тергеген опер кызматкерлердин бирөө эле да. Бул бала менин уулумду тоногонго чейин тойкананын жанындагы дүкөндөн он миң сом уурдаптыр. Аны моюнуна алып, чыгымды төлөп берди. Бирок биздин акчаны кайтарып бербей, аны эркиндикке коё берип салышты", - деди Үмөталиев.
Кийин алар Чүй облустук прокуратурасына арыз жазып, иш козголгон. Прокуратура ишти Чүй облустук Улуттук коопсуздук боюнча кызматка өткөрүп берди.
"Бирок Сокулук райондук милициясына карата азыркыга чейин чара көрүлбөй, ууруну же аны калкалаган милиция кызматкери кармалбай, чыгымдарыбыз кайтарылбай дагы деле кыйналып жатабыз", - деди акчасын уурдаткан Үмөталиев.
Милицияга доомат
Ал милиция кызматкерлерине шектүүгө байланыштуу тойкана, дүкөндүн коопсуздук камераларынан тартылган видео, сүрөт далилдерди да берген. Бирок, окуяга удаа эле шектүүнү Сокулук райондук ички иштер бөлүмү "кылмышка байланыштуу фактылар жетишсиз" деген негизде эркиндикке чыгарганын айтууда.
Бул боюнча Сокулук райондук ички иштер бөлүмү менен Чүй облустук ички иштер башкармалыгына кайрылып, комментарий алууга мүмкүн болгон жок.
Райондук милициянын чечимине нааразы болгон жабырлануучу шектүү менен милиция кызматкеринин байланышы болушу мүмкүн деген негизде Чүй облустук прокуратурасына кайрылганын айтат. Милициянын шектүү менен байланышын азыр аймактык УКМК бөлүмү тергеп жатат.
"Бизде азыр сурак жүрүп жатат. Биринчи кезекте жабырлануучу тарапты чакырып, түшүндүрмө алдык. Бирок, ишти жашырып, кылмышкерди калкалады деп айыпталган милиция кызматкерин суракка ала элекпиз. Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнөн анын бизге келүүсүн талап кылып, тапшырмалар берилген. Бизде кылмыш иштер өтө көп болгондуктан жетишпей да калып жатабыз", - деди Чүй облустук УКМК бөлүмүнүн кызматкери.
Жаңы кодекстер кол байлап жатабы?
Кылмышкерлерди калкалаган жана алардан пара алган деген айып менен милиция кызматкерлерине карата быйыл жыйырмадай кылмыш иши козголгон.
Коомдук тартип боюнча эксперттер акыркы эки жылда кылмышкерлерди жазага тартып, камакка алууга 2019-жылы күчүнө кирген Жоруктар боюнча кодекстеги нускамалар тоскоол болуп жатканын белгилешет. Ушундан улам атайын жумушчу топ аны өзгөртүп, кайра жазып чыгуунун үстүндө иштеп жатат.
Ички иштер министрлигинин Коомдук байкоочу кеңешинин төрагасы Ялкун Давутов иштин чабал жүрүүсүнө себеп болуп жаткан жагдайларды чечмеледи:
"Биринчиден, 2019-жылы 1-январда күчүнө кирген Кылмыштар жана жоруктар тууралуу мыйзамдын айынан ички иштер органдарында иштегендердин колу-буту байланып калган. Майда уурулук 10 миң сомго чейин болсо, Жоруктар боюнча кодекстин алкагында каралат. Анда тергөөнүн мөөнөтү көрсөтүлгөн эмес. Мисалы, менин 9800 сомдук телефонумду бирөө уурдап кетип, милицияга барып арыз жазсам, аны тергөөчү качан карары белгисиз. Эки, үч жылга чейин деле арызым каралбай жата бериши мүмкүн. Ушундай майда уурулукка байланыштуу эл арасында тергөөчүлөргө карата нааразычылык абдан көп. Экинчиден, бир тергөөчүдө 500дөн миңге чейин иш бар. Анын баарын карап чыкканга мүмкүнчүлүгү, ресурсу да жетишпейт".
Давутовдун айтымында, эки жылдын ичинде бети ачылбаган миңдеген иштер чогулуп, уурулук, талап, тоноочулук сыяктуу кылмыштарга күнөөлүү деп табылгандардын төлөбөй жүргөн айып пулунун өлчөмү бир миллиард сомдон ашкан.
Маалымат көп, көрсөткүч өзгөрүүсүз
Ички иштер министринин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов ЖМКларда кылмыштуулук боюнча көп жазылгандыктан коомдо кылмыштуулук артты деген көз караш бар экенин айтат.
"Кылмыштуулук тууралуу интернет, жалпыга маалымдоо каражаттарында фактылар көп айтылууда. Ушундан улам эл арасында кылмыштуулук артты деген сөздөр бар. Иш жүзүндө жалпы көрсөткүч мурдагы жылдардагыдай эле",-деди.
Ал эми ырайым менен чыккандар же абактан мөөнөтүнөн эрте бошогондор катуу көзөмөлдө турарын эскертти:
"Түрмөдөн чыккандарын, же болбосо кылмыш жасап, шарттуу түрдө кесилип эркиндикте жүргөндөрдү, жаза мөөнөтүн өтөгөндөрдүн бардыгы көзөмөлдө турат. Ким каякка барды, кимге жолукту, кандай кылмыштарды жасашы мүмкүн деген бизде божомолдор бар. Ошого жараша оперативдүү иш алып барабыз. Эч кандай кооптонууга негиз жок", - деди Сейитов.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, Кыргызстанда 2021-жылдын төрт айында 17,5 миң кылмыш катталды. Бул бир жыл мурдагы төрт айлык көрсөткүчтөн 31% көп. Анын ичинен уурулук 2020-жылга салыштырмалуу 30%ке көбөйгөн. 2021-жылдын алгачкы үч айында эле төрт миңден ашуун уурулук фактысы бирдиктүү реестрге жазылган.
Бирок, анын канчасынын бети ачылып, келтирилген чыгым кайра төлөнүп, кылмышкерлер камалганы тууралуу азырынча маалымат жок. Уурулук кылмышынын көбү Бишкек шаары менен Чүй облусунда катталууда.
Укук коргоо органдары уурулук жана талап-тоноо окуяларында кылмышкерлердин жарымынын гана бети ачылып жатканын билдирет.