Парламент 15-июлдагы жалпы жыйында Жогорку соттун судьясы Жаңыл Мамбеталыны кызматтан алды. Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Анарбек Калматов ал кызматтан кетүү тууралуу өзү арыз жазганын билдирди.
Жаңыл Мамбеталы Жогорку Соттун судьялыгына 2018-жылы сентябрь айында шайланган. Ага чейин Бишкек шаардык сотунун судьясы болуп иштеген Мамбеталы Ысык-Көл облусунун мурдагы жетекчиси Эмилбек Каптагаевди барымтага алуу иши боюнча Садыр Жапаровго чыккан Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган.
Садыр Жапаров бул иш боюнча былтыр октябрь окуяларынан кийин акталган.
Мамбеталы Бишкек шаардык сотунун судьясы болуп турганда экс-депутат Хажимурат Коркмазовдун, Алмазбек Атамбаевдин тушунда президенттик аппараттын жетекчиси болгон Данияр Нарымбаевдин, мурдагы баш прокурор, экс-депутат Аида Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыкапаровдун иштерин караган.
Мындан сырткары Свердлов райондук сотунун судьясы болуп турганда "Альфа Телеком" компаниясына байланыштуу ишти карап, өкүм чыгарган. (BTo)
Дагы караңыз
COVID-19: Дагы он адам көз жумду, вирус 1290 кишиден аныкталды Ичимдикти "Манас" деп атоого тыюу салган мыйзам долбоору даярдалдыЧек ара: “Ак-Тилекте” 100дөй жүк ташуучу машине топтолуп туратОш: шайлоодон кийин чыккан нааразылыкКургакчылык: Арал аймагында өзгөчө абал жарыяланды