Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:16

Кургакчылык: Арал аймагында өзгөчө абал жарыяланды


Казакстандын Кызыл-Ордо облусунун Арал аймагында кургакчылыктын айынан өзгөчө абал жарыяланды. Облустук акимчиликтин сайтында өзгөчө абалдын шарттары 13-июлдан тарта күчүнө киргизилгени кабарланды.

Расмий маалыматка ылайык, Арал аймагында 550дөн ашуун бодо мал өлдү. Облус акими малды жуттан сактап, жайыттарды жана эгин талаасын сугаруу үчүн көлмөлөрдү толтуруп, каналдарды тазалоо маселесин көтөрдү. Бул үчүн бюджеттен каражат бөлүүнү өтүнүп, өкмөткө кат жолдоду.

Буга чейин Мангистау облусунун тургундары да малды жуттан сактап калууну суранып, бийликке кайрылышкан.

XS
SM
MD
LG