Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:36

Ош: шайлоодон кийин чыккан нааразылык


Ош, шайлоо тилкесинин алды. 2021-жыл, 11-июль.
Ош, шайлоо тилкесинин алды. 2021-жыл, 11-июль.

Ош шаардык кеңешине болгон шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган үч партия АШКга арыз менен кайрылды. Арызды баштапкы жыйынтык боюнча мандат албай калган "Улуу-Журт", "Бүтүн Кыргызстан" жана шайлоо алдында тизмеден чыгарылган "Ынтымак" партиялары жазган.

АШКнын төрагасы Урмат Аттокуров шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга негиз жок деп билдирди. Жергиликтүү саясат талдоочулар Ош шаардык кеңешинде жеңишке жетишкен партиялардын көздөгөнү мэрлик кызмат экенин айтууда.

13-июль күнү "Улуу-Журт" партиясынын лидери Мирлан Орозбаев Аймактык шайлоо комиссиясына шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып арыз жазганын билдирди. Орозбаев анын арызына төрт партиянын өкүлү тилектештигин билдиргенин айтып, нааразылыктын себебин мындайча түшүндүрдү:

Мирлан Орозбаев
Мирлан Орозбаев

"Биздин партияны "аз добуш алып, өтпөй калып чырдап атат" деп айтышы мүмкүн. Жок, шайлоодо толтура мыйзам бузуу болду. Добуш сатып алуулар жөнүндө маалыматтарды "Клооп" басылмасы, жөнөкөй адамдар да чыгарып жатты. Биз арыз каралганда далил материалдарды алып келип беребиз деп жаздык. Бул жерде акыйкатсыздык болуп жатат. "Ынтымак" партиясын болсо, бир эле иштен улам тизмеден чыгарып салды. "Ата-Журт - Кыргызстан" менен "Биздин Кыргызстанда" толтура добуш сатып алуулар болгон. Аларга эч нерсе болгон жок".

Бул партиядан сырткары "Бүтүн Кыргызстан" жана шайлоо алдында тизмеден чыгарылган "Ынтымак" партиялары да жогорудагыдай эле таризде арыз жазган.

"Акча албаса — бир тууганың да шайлабайт"

Ал эми "Келечек-Будущее" партиясы шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп турганы менен арыз жазбай эле коюну эп көрдү. Партиянын лидери Чыныбек Тойчиев кайра шайлоо деле эч нерсени өзгөртө албай турганын, добушту соодалоо токтомоюн таза шайлоого үмүт артпай эле койгон оң экенин билдирди.

"Ажо, бийлик тараптан аракеттер болду. Бирок ага карабастан элди да, башка партияларды да бир күндө өзгөртүү мүмкүн эмес экен. Кайрадан шайлоо болсо, дагы эле ушул көрүнүш кайталанат. Себеби эки жолу шайлоого катышып, акчасын албаса жакын тууганың да шайлабай коеруна күбө болдум. Акча бербей аракет кылып, жеңип келели дегенге акчалуу көпөстөр, бийликте олтургандар чыдабайт экен. Кээ бир партияларды шайлоодон четтеткенин көрсө да ар кандай ыкмаларды колдонуп, токтотушкан жок".

Эң көп добуш алып, болжолдуу эсеп боюнча 45 мандаттын 18не ээ болгон "Ата-Журт - Кыргызстан" партиясы шайлоо таза өттү деп эсептейт.

Партиянын өкүлү Мелис Обозов атаандаштарынын доосун "жыгылган күрөшкө тойбойт" деп түшүндүрдү:

Мелис Обозов
Мелис Обозов

"Менин көз карашым боюнча шайлоо таза өттү. Жеке биздин партиябызда андай (ред: добуш сатып алуу) көрүнүш болгон жок. Муну мен силерге ишендирип айта алам. Эгер ошондой болсо, тиешелүү органдар өздөрүнүн юридикалык баасын берет".

Деген менен АШК шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга эч кандай негиз жок деп эсептейт. Төрага Урмат Аттокуров үч партиянын арызын кабыл алганын, жумушчу топ кайрылууну карап жатканын билдирди.

"Жергиликтүү шайлоодо — акчалуулар алдыга чыгат"

Ош шаардык кеңешиндеги 45 мандат үчүн кайра шайлоого сегиз партия катышты. Баштапкы жыйынтыкка ылайык мандаттар төрт партияга төмөндөгүчө бөлүнөт:

"Ата-Журт - Кыргызстан" — 18
"Биздин Кыргызстан" — 15
"Улуттар биримдиги" — 8
"Бир Бол" — 4

Партиялардын шайлоо өнөктүгүндө короткон каражаттарын талдоого алсак, дал ушул төрт партия эң көп каражат жумшаган:

"Ата-Журт - Кыргызстан" — 3 413 803 сом
"Биздин Кыргызстан" — 1 936 642 сом
"Бир Бол" — 762 907 сом
"Улуттар биримдиги" — 752 910 сом

Оштогу саясат талдоочу Мирбек Маматкасымдын пикиринде, жергиликтүү шайлоолордо акчалуулар гана жеңишке жетет.

"Теориялык жактан Жогорку Кеңешке акчасы жок адам депутат болуп барып калышы мүмкүн. Акчасы жок партия шайланып калышы мүмкүн. Жергиликтүү шайлоолордун табияты ошондой - акчасы бар гана партиялар өтөт. Биз каалайбызбы, каалабайбызбы демократиянын өзгөчөлүгү ушунда".

Ал ошондой эле, Ош шаарындагы шайлоону парламенттик шайлоо менен байланыштыруу туура эмес деп эсептейт. Анткени шаардагы партиялар мэрдин кызматын гана көздөшөт.

Ош шаардык кеңешине кайра шайлоого 66 миңден ашуун адам катышты. Журналисттер, байкоочулар бир нече мыйзам бузуулар болгонун кабарлашкан.

Бул жолку саясий жарышка жалпы тогуз партия катталган, бирок 10-июлда Боршайком "добуш сатып алуу аракетин көрдү" деген негизде "Ынтымак" партиясын шайлоодон четтеткен.

Шаардык милиция добуш сатып алууга байланыштуу онго чукул иш тергелип жатканын маалымдады, бирок партиялардын аттарын ачыктаган жок.

11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн. Добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонуу фактылары аныкталып, Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине өткөн шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылган. Үч шаарда тең кайра шайлоо 11-июлга белгиленген.

XS
SM
MD
LG