Активист Улан Үсөйүн милицияга арыз жазды

Улан Үсөйүн митингде. Бишкек. Декабрь, 2019-жыл.

Жарандык активист Улан Үсөйүн "Айылдык табышкер" деп аталган долбоорунун алкагында Баткенге барганда белгисиз адамдар ага кол салууга аракет кылганын "Азаттыкка" билдирди.

"Шаарга кире бериште бизди жаман сөздөр менен тилдеп, "чыгып кеткиле" деп кыйкырышты. Артыбыздан калбай мейманканага чейин келишти. Милиция чакырдык, арыз жазып атабыз".

Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы активисттин арызы кабыл алынганын, кырдаал көзөмөлдө экенин кабарлады.

Жарандык активист Улан Үсөйүн "Айылдык табышкер" деп аталган долбоордун алкагында жергиликтүү ишкерлерди колдоо максатында Баткенге барган.

Аталган долбоор өлкөнүн булуң-бурчундагы ишкерлерди колдоо, аларды бизнести туура жүргүзүүгө, чоң рынокко чыгууга үйрөтүүнү максат кылат. Буга чейин долбоордун алкагында Жалал-Абад, Нарын, Ош, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы жергиликтүү ишкерлер окутулган. (ZKo)

Дагы караңыз

Стамбулдан үй алууну көздөгөндөр көпЧек ара: талкаланган үйлөр кайра тургузула баштады"Акаев менен Бакиевдин окшоштугу көп болду"Венгр премьери Орбан "эркин прессанын душманы" аталды Шаардык кеңештерге шайлоо, солгун үгүт АКШ менен Европа кибер чабуулга кабылдыОрусия: вирус күчөдү, мигранттар кантти?Эскиден келаткан чайкана маданияты