Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:52

Венгр премьери Орбан "эркин прессанын душманы" аталды


Виктор Орбан
Виктор Орбан

"Чек арасыз кабарчылар" уюму Венгриянын премьер-министри Виктор Орбанды "эркин прессанын душманы" тизмесине кошту. Европа Биримдигине мүчө өлкөнүн лидери алгачкы жолу Түндүк Кореянын башчысы Ким Чен Ын, Сириянын президенти Башар Асад менен бир тизмеде орун алды.

5-июлда "Чек арасыз кабарчылар" уюму Орбан жана ал жетектеген "Фидес" партиясы 2010-жылы бийликке келгенден бери Венгриянын эркин медиасына басым жасап, аны көзөмөлгө алууга аракет кылып келгенин билдирди. Уюм Орбан “саясий-экономикалык көз боемочулук, дискредитация, өзүн-өзү цензурага жеткирүү” сыяктуу жолдор аркылуу ЖМКнын эркиндигин чектеп жатканын белгилеген. Ошондой эле, 2017-жылдан тарта Венгриянын регионалдык прессасы Орбандын санаалашы болгон ишкерлердин колуна өткөнү айтылат.

“2018-жылы 500гө жакын өкмөттүк медиа компаниялар бир холдингге бириктирилип, алар бир жерден башкарыла баштаган”, - деп белгиленет.

Венгрия сөз эркиндиги боюнча рейтингде 180 өлкөнүн ичинен 92-орунда ээлейт. “Чек арасыз кабарчылар” уюмунун “сөз эркиндигинин душмандары” тизмесине маалымат каражаттарынын эркиндигин чектеген 37 өлкө жетекчиси кирген.

Алардын катарында Ирандын Жогорку лидери аятолла Али Хаменеи, орус президенти Владимир Путин, Беларусту 27 жылдан бери башкарып келаткан Александр Лукашенко, Борбор Азиядан Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана Түрмөнстандын башчысы Гурбангулы Бердымухамедов бар.

XS
SM
MD
LG