"Боинг-737" үлгүсүндөгү жүк ташыган учак Тынч океанга кулады. Учак АКШнын Гавайи штатындагы Гонолулу аэродромунан учуп чыккандан көп өтпөй кырсыкка учураган.
Маалымат каражаттары учактын кыймылдаткычтары иштебей калганын жазышууда. Учактын эки учкучу сууга түшүп, аман калганы кабарланды.
АКШнын авиациялык мекемеси учкучтар Гонолулудагы аэродромго кайтууга аракет кылып, бирок сууга авариялык конууга аргасыз болгонун билдирди. Учкучтарды суудагы куткаруучулар аман алып чыгышкан. Кырсыктын чоо-жайы такталууда.
Дагы караңыз
Назарбаев Путинден Кенесары хандын сөөгүн өткөрүп берүүнү сурадыЧехияда көз жумган кыргызстандыктын сөөгү мекенине жеткирилетАКШда өлүм жазасына убактылуу мораторий киргизилдиМолдокматовдун камалышы: бийликке сурооНуржан Шайлдабекова кайрадан БШКга төрайым болду