Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:21

Нуржан Шайлдабекова кайрадан БШКга төрайым болду


Нуржан Шайлдабекова.
Нуржан Шайлдабекова.

Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы курамы 2-июлда алгачкы олтурумун өткөрүп, беш жылдан бери төрайым болуп келаткан Нуржан Шайлдабекованы кайрадан жетекчи кылып шайлады.

Отурумду мүчөлөрдүн эң улуусу катары Анар Дубанбаева алып барды. Жетекчиликке Шайлдабекова менен анын буга чейинки орун басары Абдыжапар Бекматовдун талапкерлиги сунушталды. Бекматов жаштар келишине тилектештигин билдирип, талапкерлигин өзү алып салды.

Шайлдабекова 12 мүчөнүн 11инин добушун алды. Анын орун басарлыгына Тынчтык Шайназаров менен Нурлан Койчукеев бекиди.

БШКнын жаңы курамынын 2-июлдагы биринчи олтуруму:

БШКнын мурдагы чакырылышынын мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу Жогорку Кеңеш 30-июндагы жыйынында анын жаңы курамын шайлаган. Шайлоо талкуусуз өткөн эле.

Президенттин квотасынан Нуржан Шайлдабекова, Марс Наспеков, Анар Дубанбаева, Нурлан Койчукеев, Акбалык Жумалиева, Айдана Жупуева шайланды. Ал эми КСДП фракциясынан Узарбек Жылкыбаев, "Республика - Ата Журт" фракциясынан Кайрат Маматов, “Бир бол” фракциясынан Абдыжапар Бекматов, “Ата Мекен” фракциясынан Искендер Гаипкулов, "Кыргызстан" фракциясынан Акылбек Эшимов, "Өнүгүү Прогресс" фракциясынан Тынчтыкбек Шайназаров БШКнын мүчөлүгүнө бекиди.

28-июнда президент Садыр Жапаров “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Конституциялык мыйзамга кол койгон. Ага ылайык БШКнын 12 мүчөсүнүн жарымын президент, калган алтоону Жогорку Кеңештеги фракциялар көрсөтөт. Буга чейинки мыйзамга ылайык, Боршайкомдун 12 мүчөсүнүн төртөөнү президент, калгандарын фракциялар сунуш кылчу.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү беш жылдык мөөнөткө шайланат. Өз каалоосу менен кызматтан кеткен жагдайдан башка учурда ал бул убакыттын аягына чейин иштей берүүгө укуктуу.

Комиссиянын буга чейинки курамы 2016-жылы июнь айында шайланган. Ошол эле жылы июль айында ишин баштап, Нуржан Шайлдабекованы төрайым катары шайлап алышкан.

Бул курам 2016-жылы референдумду, 2017-жылы президенттик шайлоону, 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоону өткөргөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG