Бул тууралуу 30-июнда Түркиянын Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа "Твиттерден" маалымат таратты.
"Буга чейин эки доза вакцина сайдырган, 50 жаштан жогорку жарандар жана медициналык кызматкерлер каалаган вакцинанын үчүнчү дозасын алуу үчүн эртеңден баштап кезекке тура алышат".
İki doz aşı olmuş 50 yaş ve üzeri vatandaşlarımız ile sağlık çalışanlarımız yarından itibaren istedikleri aşı ile 3. Doz aşılarını olmak üzere randevu alabileceklerdir. pic.twitter.com/AdrpDrABCn
— Dr. Fahrettin Koca (@drfahrettinkoca) June 30, 2021
Ал ошондой эле, жарандар мурун сайдырган эки доза вакцинадан айырмаланып, үчүнчү дозаны каалаган фирманын вакцинасын сайдыра аларын кошумчалаган.
Учурда Түркияда Кытайдын Sinovac жана Германиянын Pfizer/Biontech вакциналары сайылууда.
Президент Режеп Тайип Эрдоган 1-июлда жыл башынан бери 50 миллион доза вакцина сайылганын кабарлады. Ал ошондой эле, өзү июнь айынын башында коронавируска каршы вакцинанын үчүнчү дозасын алганын айткан.
Koronavirüs salgınıyla mücadelede en etkili silahımız olan aşıda, hamdolsun, 50 MİLYON dozu aştık. Hayırlı uğurlu olsun. pic.twitter.com/KJnQUdnhrq
— Recep Tayyip Erdoğan (@RTErdogan) July 1, 2021
Вакцинаны түркиялыктар гана эмес өлкөдө туруктуу жашаган чет өлкөлүктөр да акысыз алып жатышат. Статистика боюнча Түркияда вирусту жугузуп алгандар жаз айларына караганда эселеп төмөндөдү.
Анткен менен министр Кожа, коронавирустун "дельта" варианты Түркияда да катталганын, мындан улам жарандарга эмдөө кампаниясына ыкчам катышуу зарыл экенин эскертти.
Ал арада өлкөдө 1-июлдан баштап коронавируска байланышкан чектөөлөр толук алынды. Бирок коомдук жайларда жана коомдук транспортто беткап эрежеси тыкыр сакталары эскертилди.
Бул өлкөдө коронавирус илдетин жугузуп алгандар биринчи жолу былтыр 11-мартта катталган. Ал эми расмий маалыматтар боюнча 30-июнда Түркияда COVID-19 вирусунан өлгөндөр 49 732 кишиге жетти. Вирус жугузуп алгандар беш жарым миллиондон ашты. (ElB)
Дагы караңыз
Түркия коронавируска байланышкан чектөөлөрдү алды Түркия: мигранттар акысыз эмделетТелефондон кеңеш берүүчү дарыгерлер тобу түзүлдү (тизме)Шинжаңдагы саясатка каршы чыккандар кармалдыCOVID-19: жаңы штамм дүйнөнү сестентти