Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:30

Түркия: мигранттар акысыз эмделет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

83 миллион калкы бар Түркиядада 14 миллионго жакын жаран коронавируска каршы эмдөөнүн экинчи дозасын алган. Алардын арасында кыргызстандыктар да бар.

Анталия шаарында бир жылдан бери иштеп жаткан 53 жаштагы Лиранын жакын арада эмгек визасынын мөөнөтү бүтүп Кыргызстанга кетем деп турган убагы. Бирок ал кайра Түркияга кириши үчүн коронавируска каршы вакцина алууга милдеттүү экенин айтат.

"Мен негизи вакцина алсамбы же албасамбы деп ойлонуп жаткам. Бирок эмгек визамды узартыш үчүн Кыргызстанга 20 күнгө барып келишим керек болуп жатат. Андыктан коронавируска каршы вакцинаны кааласам, каалабасам да алышым керектигин билдим. Бул тууралуу мага министрликтен атайын СМС келди. Анда 21-июнда Анталиянын мамлекеттик ооруканасында кечки саат 8де барып эмдөөдөн өтүшүм керек экени жазылып турат. Жадагалса кайсыл бөлмөдө сайыларын да жазып коюшуптур",-деди Лира.

Ушул жылдын апрель айында Түркиядагы мейманканаларда иштегендер толугу менен эмделери кабарланган. Учурда Анталиянын Кемер аймагында мейманкалардын биринде иштеген кыргызстандык Фаина коронавируска каршы эмдөө эрежеси тууралуу кеп салды.

"Башка мейманканаларды билбейт экенмин, бирок мен иштеген жерде иштегендердин баары вакцина алышы керек деп айтылган. Мен 31-майда вакцинанын биринчи дозасын алдым. Бизден германиялык же кытайлык вакцинанын кайсынысын тандайсыңар деп сурашты. Мен "Pfizer/BioNTech" вакцинасын тандадым. Ошондо биринчи дозасын алган ооруканадан "экинчи дозаны 14-июндан 26-июнга чейинки мөөнөттө аласыз" деп кагаз беришти. Ошол кагаз менен барып экинчи дозасын да алайын деп турам".

Анталиядагы мейманкана.
Анталиядагы мейманкана.

Фаина ошондой эле иш берүүчүлөр чет өлкөлүктөргө "Pfizer/BioNTech" вакцинасын алууну сунуштаганын жана Кыргызстанга кетип жатканда бул чоң жеңилдик боло турганын айтат.

"Кытайлык "Sinovac" вакцинасын көбүнчө түркиялыктар өздөрү алып жатканын байкадым. Бирок мен туристтик сезон бүткөндөн кийин Кыргызстанга кайтып жатканда "германиялык вакцинаны алганың туура болот" деп жетекчилерим айтты",-деди Фаина.

Ал арада мигранттар боюнча серепчи Эйүп Топрак Түркияда туруктуу жашоого уруксат менен же эмгек визасы менен иштеп жүргөн ар бир чет өлкөлүк коронавируска каршы вакцинаны акысыз ала турганын баса белгилейт.

"Түркияда мыйзамдуу жашап жаткан, жашы туура келген ар бир чет өлкөлүк акысыз вакцина алганга укуктуу. Бул үчүн алар "электрондук өкмөт" системасына катталып, ооруканадан коронавируска каршы вакцинага кезекке тура алат. Айтылган эреже визасы бар чет өлкөлүктөргө гана тийиштүү. Ал эми мыйзамсыз иштеп жүргөндөр бул мүмкүнчүлүктөн пайдалана албайт".

Анткен менен Түркиядагы кыргызстандык мигранттардын арасында эмдөөгө каршы болгондор да бар. Анталияда иштеп жүргөн Назгүл вакцина алуудан кооптонуп турганын айтты.

"Вакцина алгандан баарыбыз эле коркуп отурат окшойбуз. Ооругандар, вакцинадан өлгөндөр болуп атат дейт. Өзүбүздүн көзүбүз менен көргөн жокпуз, бирок ар ким өзү үчүн жооп бериш керек деп ойлойм. Мен эмдөөдөн өтпөйм деп чечтим".

Ушул айда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган коронавируска каршы вакцинанын үчүнчү дозасын алганын жарыялагaн.
Ушул айда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган коронавируска каршы вакцинанын үчүнчү дозасын алганын жарыялагaн.

Түркияда коронавирус жуккан учурлар көбөйгөнүнө байланыштуу 29-апрелден 17-майга чейин карантин жарыяланган. Өлкөдө үч жумалык локдаундан кийин чектөөлөр алынып, учурда оору жуктуруп алгандардын саны азая баштады.

Ушул күндөрү коронавируска каршы вакцина жашы 40тан өткөндөргө сайылып жатат. Былтыр ноябрдан тартып алгач мугалимдер, полиция жана мамлекеттик кызматкерлерди жапырт эмдөө башталган.

Өткөн апта өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа "Pfizer/BioNTech" вакцинасынын 30 миллион дозасы Түркияга келгенин жана июндун аягына чейин жашы 20дан өткөндөр эмделип бүтөрүн билдирген.

Расмий эсепте, 13-июнга карата Түркияда COVID-19 вирусунан өлгөндөрдүн саны 48 721 кишиге жетти. Вирус жугузуп алгандардын саны беш миллион адамдан ашты. Дагы беш миллиондон көп бейтап коронавирустан сакайып чыкты.

Түркияда 25 миңден ашуун кыргызстандык жаран расмий каттоого алынган. Алардын канчасына коронавирус жукканы тууралуу так маалымат жок.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG