1-июлда Алматы шаардык полициясы Кытайдын Алматыдагы консулдугунун алдында пикетке чыккан Байболат Күнболот уулун үйүнөн кармап кетишкен. Бул тууралуу "Азаттыкка" активисттин жубайы Бакыт Сембай кызы билдирди.
"Жолдошумду эртең менен алып кетишти. Апамды болсо эшиктин алдынан эле салып кетишиптир. Ал Ак-Жарда жашачу. Эмнеге алып кетип жатышат? Кайсы мыйзам менен?",- деди Байболоттун келинчеги Бакыт.
Анын айтымында, полиция кызматкерлери күйөөсүн кармап кетип жатканда ага да күч колдонушкан.
Буга чейин Алматы шаардык соту Байболат Күнболот уулун Кытайдын Алматыдагы консулдугунун алдында "Тынч жыйын өткөзүү тартибин" бузгандыгы үчүн айып тагып, 15 күнгө убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
29-июндун кечинде Алматынын апелляциялык соту Байболоттун жактоочуларынын басымынан улам камакка алууну жети күнгө кыскарткандан кийин бошоткон.
Бейшембиде Байболот менен кошо анын апасы Зауатхан Турсун да кармалды. Ал эми "Нагыз Ата-Журт ыктыярчылары" уюмунун лидери Бекзат Максүтхандын аялы Нургүл Ибраева күйөөсү дайынсыз болуп жатканын айтууда.
"Күйөөмдүн аркасынан 10 мүнөттөн кийин чыгып эле таппай калдым. Жарым саат күттүм. Азырынча кайда экенин билбейм. Аны полиция кызматкерлери кармап кетишкен окшойт деп ойлоп жатам. Телефону өчүк", - деди Нургүл Ибраева.
Көп өтпөй ал жолдошу Алматы райондук ички иштер бөлүмүндө экендигин билдирди.
Ал эми шаардык полиция окуя боюнча комментарий бере элек.
1-июлда Кытайдын Коммунисттик партиясынын негизделгенине 100 жыл толду. Байболат Күнболот уулунун аялы Бакыт камоолорду дал ушул маарекеге байланыштырат.
"Казакстан Кытайдын маанайын бузгусу келбей, бүгүн консулдуктун алдында нааразылык акциясына чыккандардын баарын камап жатат",- деди Байболоттун жубайы Бакыт.
Быйыл апрелде Кытайдын Казакстандагы элчиси Чжан Сяо "Шинжаңда кармалган казактар Кытай жарандары экенин жана алар мыйзамды бузганы үчүн камалганын" айткан.
Митингчилер болсо элчинин бул сөздөрүн сынга алышып, туугандарына коюлган айыптар негизсиз деп билдиришкен.
Ал ортодо АКШнын Казакстандагы элчиси Уильям Мозер дүйшөмбүдө, Шинжаңдагы жакындарын бошотууну өтүнүп, Кытай консулдугунун астына бир канча убактан бери чыккан жарандардын укугун колдой турганын кабарлаган.
Алматыдагы Кытай консулдугунун алдындагы пикет 140 күндөн бери уланууда. Митингчилер Кытай бийлигинен Шинжаңда "күнөөсүз" камалган туугандарын бошотууну талап кылып келишет.
Буга чейин Алматынын полициясы консулдуктун алдына чогулгандарды бир нече ирет кармап, куугунтуктап, административдик камоого алган учурлар болуп келген.
Шинжаңдагы мусулмандардын жапырт камакка алынышы жана “саясий тарбия лагерлеринде” камалганы жөнүндө алгачкы маалыматтар 2017-жылдын жаз айларында чыга баштаган. Башында мындай "лагерлердин" бар экендигин четке каккан Бээжин кийинчерээк аны моюнга алган. Ал жайларды "ислам радикализмине каршы турууга багытталган билим мекемелери" катары сыпаттап келет.
2018-жылы БУУ Шинжаңдын түпкүлүктүү мусулман азчылык топторунун бир миллионго чейин өкүлү Кытайдын түндүк-батышындагы "лагерлерде" кармалышы мүмкүн экенин билдирген. Акыркы жылдары Кытай бийлиги өлкөнүн түндүк-батышындагы уйгурларды, казактарды, дунгандарды жана башка жергиликтүү этникалык топтордун өкүлдөрүн негизсиз куугунтуктоо сыяктуу репрессиялык саясаттын куралын активдүү колдонуп келет. Буга эл аралык уюмдардын акыркы изилдөөлөрү да негиз боло алат.
Буга чейин АКШ, Канада сыяктуу мамлекеттер Шинжаңдагы мусулмандардын репрессияларын "геноцид" деп атаган.