1-июлда башкалаадагы Тянанмен аянтында миңдеген кишинин алдында сүйлөгөн сөзүндө Си Цзинпин Коммунисттик партиянын бакубат экономиканы, Кытайдын глобалдык алкактагы макамын камсыздоодогу ролун белгиледи:
"100 жыл мурун түптөлгөн партия бүгүн да күчкө толуп, Кытай улутунун улуулугуна жетүүгө чечкиндүү. Басып өткөн жолубузга, алдыда күтүп жаткан сапарыбызга көз чаптырсак, партиянын жетекчилиги астында, бардык улуттарды камтыган кытай элинин биримдиги менен заманбап, социалисттик өлкөнү куруу максатына жетебиз, улуттук кайра жаралуу кыялын ишке ашырабыз".
Бирок начарлап бараткан демографиялык абал узак мөөнөттүү экономикалык өсүшкө көлөкө түшүрүшү мүмкүн деген божомолдор чыгууда. 30-июнда америкалык Pew борбору 17 өнүккөн өлкөдө жүргүзгөн изилдөөсүнүн жыйынтыгын жарыялады. Маалыматка караганда, Кытайга болгон көз караш жалпысынан негативдүү калууда. Си Цзипнпинге ишеним тарыхый төмөнкү чекке жеткен.
Бир саатка созулган кайрылуусунда Си Цзинпин кубаттуу армия курууга убада кылып, Тайвандын “кайра биригүүсүнө” чакырды, Гонконг жана Макаононун автономияларын баса белгиледи.
Коммунисттик партиянын кубатын жана таасирин даңазалоону көздөгөн мааракелик иш-чаралар өлкөнүн булуң-бурчунда өтүп жатат.
Дагы караңыз Бээжин "Чоң жетинин" сынын четке кактыДүйнөнүн экинчи ири экономикасы Батышта барган сайын саясий, экономикалык жана аскердик атаандаш катары каралып келатат.
“Биз эч качан башка улуттун өкүлдөрүн опузалап, басмырлап же кул кылган эмеспиз. Мындай мурда болгон эмес, азыр да жок, келечекте да болбойт, - деп билдирген Си Цзинпин башкаларга да Кытай элин “опузалоого жол берилбейт” деп эскертти.
Бээжин Шинжаңдагы уйгурларды, башка мусулмандарды куугунтуктап, саясий кайра тарбиялоодон өткөрүү максатында лагерлерге айдагандыгы, ал жакта адам чыдагыс шартта кармагандыгы, Тибеттен Гонконгго чейин демократиялык жараяндарды, адам укуктарын басмырлап келаткандыгы үчүн эл аралык коомчулууктун сынына, санкцияларга кабылып келатат.
БУУнун болжолдуу маалыматына ылайык, Шинжаңдагы лагерлерде бери дегенде 1 миллиондой киши кармалууда. Вашингтон андай саясатты “геноцид” деп сыпаттаган. Ал эми Кытай бийлиги ал жайларды экстремизмге каршы күрөшүү максатында түзүлгөн кесипке үйрөтүү борборлору деп атап жүрөт.
Башкаруудагы партиянын мааракеси Гонконгдун Британиядан Кытайга өткөндүгүнүн 24 жылдыгына дал келүүдө. 1-июлда шаарда полиция нааразылык акцияларын басууга даяр турду.
Гонконг Кытайдын бир бөлүгү болгону менен “бир өлкө, эки система” принцибине таянып башкарылат. Башкача айтканда, Британиянын мурдагы колониясы өз алдынча сот системасына ээ, аймакта сөз эркиндиги, маалымат каражаттарынын ачыктыгы камсыздалган.
Жергиликтүү активисттер, укук коргоочулар жана Батыш өлкөлөрү Бээжинди акыркы жылдарда эркиндиктерди, автономияны четинен жок кылууда деп айыптап келатышат.
Дагы караңыз Бээжин Гонконгдогу өктөм саясатын күчөттүБир жыл мурун улуттук коопсуздук тууралуу талаш жараткан мыйзам кабыл алынгандан кийин 100 чакты активист кармалды, жакында популярдуу демократиячыл Apple Daily гезити жабылууга аргасыз болду.
"Мен журналисттик кесибимди гана аткарып жатам. Башка адамдардын пикирлерин, коомдо болуп жаткан окуяларды чагылдырам. Бул үчүн камалып кетем, кеңсебизге полиция келип текшерет, тинтүү жүргүзөт деп чочулайм. Сотко же коомго эч кандай далилдерди келтирбестен улуттук коопсуздук тууралуу мыйзамга такап туруп, компаниябызды жаап салышабы деп корком. Мындай абал элди санааркатты", - деди STAND NEWS гезитинин редактору Лам Йинг Понг.
Бээжин жана Гонконг бийликтери мыйзам стабилдүүлүктү көздөй турганын айтышса, оппоненттери анын жардамы менен башкача пикирдеги жарандардын добушун басуу аракети көрүлгөнүн белгилешет.