15 миң жоокер катышкан парадда эң алдыңкы аскердик техника, жаңы куралдын үлгүлөрү көрсөтүлдү. Гонконгдо бүгүн да Бээжиндин «диктатурасына» каршы чыккан нааразылыктар уланды.
Мааракенин өзөгүн түзгөн Тяньаньмэнь аянтындагы парадда Кытай бүтүндөй дүйнөгө аскердик кубатын кеңири масштабда көрсөттү. Иш-чарага 15 миң аскер жана 600 даана техника, анын ичинде өзөктүк дүрмөт ташууга жана АКШга чейин жетүүгө кудуреттүү континент аралык баллистикалык ракеталар катышты. Ошондой эле жаңы канаттуу ракета көргөзүлдү.
Жөө аскерлер Коммунисттик партиянын байрактарын көтөрүп өтүп жатканда, асманда 20 тик учак 70 деген санды чагылдырып тизилип учту.
Трибунада парадга Кытайдын азыркы лидери Си Цзиньпиң менен бирге мурдагы жетекчилер Ху Цзиньтао менен Цзянь Цзэминь көз салып турушту.
Быйылкы майрам Бээжин үчүн оңой эмес учурга туура келди. Төрт айдан бери Кытайдын өзгөчө макамдагы административдик аймагы Гонконгдо өкмөткө каршы демонстрациялар тынчыбай, Кошмо Штаттар менен «соода согушу» уланып жатат. Си Цзиньпиң Гонконгдогу кырдаалга да кайрыла кетти:
- Алга карай жолубузда биз тынч жол менен кайра биригүүнү жана «Бир өлкө, Эки система» принцибин карманууга, Гонконг менен Макаодогу узак мөөнөттүү туруктуулукту жана бакубаттуулукту колдоого тийишпиз. Улуттун толук биригиши үчүн бардык кытайлыктардын башын бириктирүү зарыл.
Гонконгдун өзүндө болсо шейшембиде кайрадан демонстранттар менен полиция кагылышты. Бийликтин тыюусуна карабай Бээжиндеги параддан кийин дароо чогулган эл полициянын зомбулугуна жана Кытайдын «диктатурасына» каршылыгын билдирди.
Муну менен алар экономикалык жетишкендиктерге карабай, Кытай жарандык жана саясий эркиндиктер чектелген авторитардык мамлекет бойдон кала бергенине көңүл бурууну көздөшкөнүн айтышат.
- Кытайдын Коммунисттик партиясы - биздин партия эмес. Биз аларды билбейбиз. Бул – аза күтүү күнү экенин билебиз. Эркиндикке аза күтүү. Шинжаң элине, Тибет элине, саясий куугунтуктан улам өз үйлөрүнөн качууга мажбур болгон адамдарга аза күтүү, - дейт демонстранттардын бири Жюли Майлд.
Гонконгдогу демонстрацияларга кылмышка шектүүлөрдү Кытайга өткөрүүгө жол ачкан мыйзам долбоору түрткү берген. Кийин ал документ күн тартибинен таптакыр алынып салганы менен нааразылыктын мурда башталып, күч алып кеткен эпкини дагы эле токтобой келатат.
Демонстранттар, оппозиция лидерлери шаардын башчысы Кэри Ламдын кызматтан кетишин, камактагы демонстранттарды бошотууну, полициянын жоопкерчилигин кароону талап кылып жатышат.
1949-жылдын 1-октябрында жарандык согушта коммунисттер жеңип, партиянын төрагасы Мао Цзэдун жаңы мамлекет түзүү тууралуу жарыялаган.
1970-жылдардын аягында башталган экономикалык реформалар Кытайды глобалдык экономикага камтууга, элдин жашоо деңгээлин көтөрүүгө өбөлгө түздү. Ошол эле маалда укук коргоочулар жана Батыш мамлекеттери өлкөдө адам укуктары, Тибет жана Шинжаңдагы улуттук азчылыктардын укуктары бузулуп жатканын, саясий атаандаштыктын жоктугун, маалымат алуунун чектелишин сындап келишет.