Кыргызстандык кинорежиссёр жана сценарист Самир Жапаров катуу оорудан улам көз жумду. Бул тууралуу 16-июнда Кинематография департаментинин басма сөз кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, Жапаров 10-июнда 68 жаш курагында каза тапты.
Самир Жапаров кыска метраждуу жана даректүү фильмдердин автору болгон. Анын "Космонавттын көчмөнү" аттуу тасмасы бир катар эл аралык сыйлыктарга татыган.
1984-жылы аталган тасма “Оскар” сыйлыгына номинант болгон. 1984-жылы АКШнын Киноакадемиясынын "Алтын Бүркүт" атайын сыйлыгын, 1983-1984-жылдары Германияда жана Испанияда өткөн бир катар эл аралык кинофестивалдарда Гран-при алган.
Жапаров Кинематография боюнча бүткүл орусиялык мамлекеттик институтту (ВГИК) аяктаган, легендарлуу советтик кино ишмери Роман Кармендин шакирти болгон. (MZh)
Дагы караңыз
Кыргыз-тажик чек арасындагы абалды облус башчылары талкуулаштыИИМ Түркия мурда Инандыны өткөрүп берүүнү суранганын билдирдиӨспүрүм каза болгон Балдар үйүнүн директорун иштен четтетүү сунушталдыУКМК Инанды кыргыз жарандыгын кантип алганын териштирип жатат