Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев Жогорку Кеңештин 16-июндагы жыйынында Кыргызстанда жыл башынан бери адам уурдоо боюнча 196 кылмыш иши катталганын айтты.
Анын ичинен кишини уурдоо боюнча 68 факты, калганы никеге туруу максатында ала качуу (ред: кыздарды уурдоо Жазык кодексинин "Никеге туруу максатында ала качуу" беренеси менен териштирилет). Жазык кодексинин 170-беренеси (“Адам уурдоо”) менен катталган 68 иштин ону боюнча иш тергөөдө. 54ү кыскартылып, төрт иш сотко өткөн.
Бул маселе 31-майдан бери дайынсыз болуп жаткан “Сапат” билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандыга байланыштуу окуядан кийин козголду. Милиция фактыга байланыштуу "Адам уурдоо" беренеси менен кылмыш ишин козгогон.
Адам уурдоо боюнча коомчулукта резонанс жараткан дагы бир иш киши колдуу болгон Айзада Канатбекованы окуясы болуп калды. Аны Бишкекте быйыл 5-апрелде бир нече адам күчтөп машинеге салып кеткен. Эки күндөн кийин кыздын жана аны уурдаган кишинин сөөгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаадагы автоунаадан табылган.
Бишкек шаардык милициясы 36 жаштагы Замирбек Теңизбаев алгач кызды футболка менен муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып жанын кыйганын билдирген. (BTo)
Дагы караңыз
ИИМ Түркия мурда Инандыны өткөрүп берүүнү суранганын билдирдиӨспүрүм каза болгон Балдар үйүнүн директорун иштен четтетүү сунушталдыУКМК Инанды кыргыз жарандыгын кантип алганын териштирип жататБаткенге өзгөчө макам берүү долбоору биринчи окууда кабыл алындыМинистрлер кабинети парламентте сугат суу тууралуу маалымат берет