Женевада Навальныйдын граффитиси тартылды

Женевада пайда болгон орусиялык оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйдын граффитиси.

Женевада 16-июнда өтчү АКШ менен Орусиянын президенттеринин жолугушуусунун алдында “биздин замандын баатыры” деген француз тилиндеги жазуусу менен орусиялык оппозиция лидери Алексей Навальныйдын граффитиси тартылды.

Ал быйыл апрель айында Санкт-Петербургдун Пушкарев багындагы трансформатордук күркөдөгү сүрөткө окшош. Анда Навальный манжаларын жүрөкчө түрүндө кармап, астында “биздин замандын баатыры” деген жазуусу бар болчу.

Бул граффити чыккандан беш саат өткөндөн кийин коммуналдык кызматтар аны боёп, өчүрүшкөн. Полиция вандализм боюнча кылмыш ишин козгогон. Бирок прокуратура аталган токтомду кийин жокко чыгарган.

Женевада саммит өтүп жаткан маалда Швейцариядагы орус тилдүү диаспоранын өкүлдөрү Москвадан Навальныйдын боштондугун жана саясий кугунтукту токтотууну талап кылып, митинг уюштурганы жатат.

Быйыл 31-мартта Навальный ачкачылык жарыялап, үч жумадан ашык тамактан баш тартып келген. Кийин ачкачылыкты токтоткон. Аркасы, буту ооруганын айткан, аябай арыктаган оппозиционер көз каранды эмес дарыгерлерди ага киргизүүнү талап кылган. Ага медициналык жардам көргөзүүгө укук коргоочулар, бир нече өлкөнүн бийликтери, Нобелдин лауреаттары жана белгилүү адамдар үндөшкөн. Орусияда аны колдоо акциялары өтүп, миңдеген адам кармалган.

Дагы караңыз

COVID-19: Кыргызстанда оорунун жайылышы күчөдүАКШдагы мекендештер Баткенге 18 млн. сом бердиЖо Байден Брюсселге НАТОнун саммиттине келдиТИМ: Новосибирскте жарылуудан үч кыргызстандык жабыркадыКоронавирустан дагы алты адам каза болду, 514 бейтап жаңы катталдыКуршаб: Айыл өкмөт башчысын шайлоонун жыйынтыгына нааразылардын акциясы улануудаКыргызстандын футболчу кыздары тажикстандык атаандаштарын утуштуБишкекте өзбекстандык кайырчы аялдар балдарынан убактылуу ажыратылмай болдуЧек ара: ЭКС кыргызстандык юристтердин кайрылуусун каттады