Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:59

Жо Байден Брюсселге НАТОнун саммиттине келди


Брюссель. Президент Жо Байден НАТОнун саммитине келди.
Брюссель. Президент Жо Байден НАТОнун саммитине келди.

АКШнын президенти Жо Байден Түндүк атлантикалык альянс Кошмо Штаттарынын кызыкчылыктарын коргоо үчүн абдан маанилүү экенин билдирди. Ал жамааттык коргонуу боюнча келишимдин 5-беренесин сактоону шериктештердин ыйык милдети деп атады.

Брюсселге 14-июнь күнү кечинде НАТОнун саммиттине келген Жо Байден “Кошмо штаттары - Европа тарабында” деп жарыялады.

Байден Европа сапарынын негизги максаты Дональд Трамптын бийлигинин учурунда Түндүк атлантикалык альянстагы өнөктөштөр менен үзүлүп калган мамилени калыбына келтирүү экени белгиленген.

Брюсселде Байден Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен сүйлөшүүсү мерчемделген. НАТО боюнча союздаш болгон Вашингтон менен Анкаранын мамилеси соңку жылдары өзгөчө чыңалууда болуп келгени белгилүү.

НАТОнун саммиттинин күн тартибинде Ооганстандан АКШ аскерлеринин чыгышы, Орусия жана Кытай менен мамиле, мүчө-мамлекеттердин коргонууга бөлгөн чыгымдары сыяктуу маселелер талкууланат.

Түндүк атлантикалык союздун лидерлери 2018-жылдан бери чогула элек болчу. Ага 2020-жылы башталган коронавирус падемиясынын жайылышы да таасир эткен.

Жо Байден Брюсселден 16-июнда Женевага барып, Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугат.

XS
SM
MD
LG