Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:54

Бишкекте өзбекстандык кайырчы аялдар балдарынан убактылуу ажыратылмай болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте көчөдө тилемчилик кылган өзбекстандык келиндердин балдары энелеринен ажыратылып, Балдарды реабилитациялоо боюнча атайын борборго жайгаштырылмай болду. Бул тууралуу 15-июнда мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, Биринчи Май райондук акимчилигинде Балдардын иштери боюнча комиссиянын жыйыны өтүп, турмуштук оор кырдаалга кабылган балдар менен үй-бүлөлөрдүн мүлк укуктарын коргоо, аларга жардам берүү маселелери жана көчөдө тилемчилик кылгандар боюнча жалпысынан 24 материал каралды.

Бишкектин көчөлөрүндө тилемчилик кылган өзбекстандык аялдар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, балдарды мындай ишке тартууга жол берилбеши керектиги айтылды жана атайын борборго убактылуу жайгаштыра туруу чечими кабыл алынды. Өзбекстандын жарандары бул жакка качан келгени, алар канчоо экени айтылган жок.

Мындан тышкары, комиссия борбор калаада кароосуз жүргөн үч баланы фостердик үй-бүлөгө өткөрүп бермей болду.

Бишкектин калкы миллионго чукулдаганы бейрасмий айтылып келет. Милиция көчөдө кароосуз жүргөн балдарды аныктоо үчүн атайын рейддерди жүргүзуп турат. (RK)

XS
SM
MD
LG