Бажычынын эбегейсиз байлыгы
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Түштүк-Батыш бажысынын жетекчиси Нурбек Айтмаматов кармалды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет ал коррупциялык схема түзүп, эбегейсиз мүлк топтогонун билдирди. Бажычыга “Мыйзамсыз баюу” беренеси менен айып коюлду.
- Сузак районунда экинчи аял алып, той берген адамга кылмыш иши козголду. Жалал-Абад облустук милициясы бул окуяны көп аял алуу фактысы катары териштирип жатат.
- Amnesty International уюму Кытайдын Шинжаң аймагындагы уйгур, казак, кыргыз жана башка мусулмандар бийликтин адам чыдагыс кыйноолоруна туш болуп жатканын сынга алды. Бээжин эл аралык уюмдардын мындай билдирүүлөрүн четке кагып келет.