Уругвайда эмдөөдөн кийин COVID-19дан каза болгондор азайды

Түштүк Америкада коронавирустан вакцина алып жаткан жаран.

Түштүк Америкадагы Уругвай коронавируска каршы вакцинанын натыйжасын көрсөткөн маалыматтарды жарыялады.

Өкмөттүн 8-июнда тараткан билдирүүсүндө эмдөө коронавирустан көз жумгандардын санын 95%, реанимацияга түшкөндөрдүн санын 92% кыскартканы жазылган.

Өлкөдөгү үч миллион калктын 800 миңдейи вакцинанын эки дозасын алышкан. Ал эми 52% жок дегенде бир дозасын сайдырышкан.

Уругвайда COVID-19 илдетине каршы Sinovac, Pfizer / BioNTech, AstraZeneca компанияларынын вакциналары сайылып жатат.

Буга чейин калкын эмдөө боюнча алдыга чыккан Израиль Pfizer / BioNTech компаниясынын вакцинасы ооругандардын, көз жумгандардын санын кыскартууда натыйжалуу экенин билдирген.

Дагы караңыз

Нью-Йорктогу сот “Кумтөр Голд Компани” боюнча ишти карай баштады (жаңыланды)Данияр Нарымбаев менен Алмазбек Баатырбеков УКМКда сурак берүүдө"Кумтөр иши": камактагы Зулпукаров кат жолдоду