Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:57

COVID-19: Ош "кызыл зонага" кирди


Бишкектеги коопсуздук чаралары.
Бишкектеги коопсуздук чаралары.

Коронавирус жуктургандар көбөйө баштагандыктан, Ош шаары менен Ош облусу 8-июндан тартып "кызыл зонага" кирди.

Ушул айдын башынан тартып оору үч миңдей адамга жугуп, 53 бейтап каза болду.

Саламаттык сактоо тармагынын адистери чындыгында ооругандар жана андан ажал тапкандар мындан көп болушу ыктымал экенин эскертишет.

Ушул тапта бейтапканаларда 1 765 бейтап дарыланып жатат жана алардын 100гө жакынынын абалы өтө оор, дагы 500дөй киши оор абалда.

Коомдук активист Кумаркан Токоеванын 83 жаштагы энеси коронавирус болуп Бишкектеги №1 ооруканада дарыланууда. Ал ооруканалардын шарты, дарыгерлердин даярдыгы жакшырганы менен жарандардын жоопкерчиликсиз мамилесине кейиди.

"Былтыркыга салыштырмалуу ооруканаларда шарт аябай жакшы жагына оңолуптур. Алгач эле апамда оору билингенде мобилдик топ келип, анализ алышты. Вирус аныкталары менен "Тез жардам" келип, апамды томографияга алып барышты. Ал жакта жыйынтыгы чыккыча күтүп турушту. Ооруканада да былтыркыдай "дарыны өзүңөр таап келгиле" дебей, бардык дарылар, керектүү аппараттар менен камсыз болушуптур. Эки саат сайын апамдын кан басымын текшерип, электрокардиограмма кылып жатышат. Дарыгерлер вирус менен күрөшкөндү үйрөнүшүптүр. Бир эле өкүндүргөнү, коомчулук өзүбүз эрежени сактабай жатабыз. Азыр эч ким беткап кийбейт. Ал тургай "кызыл зонага" да беткап кийбей барып жатышат. Санитардык нормалар сакталбай калды".

Ош "кызыл зонага" кирди

Ушул тушта коронавирус болгон эки миңден ашуун бейтап үйлөрүндө дарыланып жатышат. Күн ысыган сайын эпидемиологиялык кырдаал курчуп бара жатканын адистер эскертишүүдө.

Ош шаарындагы Алишер Навои атындагы мектептин спорт залында 8-июндан тартып COVID-19га чалдыккандар үчүн күндүзгү стационар иштей баштады.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматулаев "кызыл зонага" кирген аймактар көбөйө баштаганын айтып, жарандарды санитардык нормаларды сактоого чакырды:

"Республикада мурда "кызыл зонада" Бишкек шаары менен Чүй облусу болчу, жакында эле ага Ысык-Көл облусу да кирди. Бүгүнтөн тарта Ош шаары менен Ош облусу да "кызыл зонага" кошулду. Ошондуктан, сиздерден суранарым, беткапты такай тагып, колуңарды таза жууп, аралыкты сактап, той-топурга барганды азайта турсаңыздар. Акыркы мезгилде биздин коомдук автоунаадагы жүргүнчүлөр көбөйгөндүктөн, оорудан сактанууга шарт болбой жатат. Ошондуктан, зарыл болбосо коомдук транспортто азыраак жүрүүгө чакырамын".

"Каза болгондордун көбү жашы 60тан ашкан бейтаптар"

Токмок шаарындагы аймактык оорукана толугу менен "кызыл зонага" айланган. Азыр 200 орундук стационарда бейтаптардын теңинен көбү коронавирус болуп ооруп жатат жана 12синин абалы оор.

Бул оорукананын башкы дарыгери Улан Дыйканалиевдин айтымында, вирус жуктуруп, көз жумгандардын көбүнүн жашы 60тан жогору. Алардын кайсы органына вирус канчалык таасир эткенин аныктоо кыйын болууда.

"Сөөктү союуга маркумдун жакындары каршы болушуп, бизге "тил кат" жазып берип эле алып кетип жатышат. Эгерде коронавирустан каза болгон адамдын баарын экспертизага алсак, анда өпкөсүнөн башка дагы кайсы органы, балким жүрөгү же баш мээси жабыркаганын анык, так билмекпиз. Бирок биздин көрсөткүчтөргө караганда, бейтаптардын көбүнчө өпкөсү жабыркоодо. Дем алуунун көрсөткүчү өтө төмөндөп, бейтаптар дем алуу органдары жабыркап каза болушууда".

Кыргызстанда COVID-19дан жалпысынан 1 859 адам каза болду. Алардын канчасына патологанатомиялык иликтөө болгону тууралуу маалымат жок. Сөөктү союп, анын өлүмүнө себеп болгон факторлорду изилдөө дээрлик жүргөн жок.

"Өлүм он эсеге аз"

Республикалык патологанатомиялык бюронун жетекчиси Валентина Пахман коронавирустун быйылкы штаммынан каза болуп жаткандардын өпкөсүндөгү өзгөрүүлөр былтыркыдан айырмаланбаганын белгиледи. Ал өлүмдүн аз катталып жатканын оң өзгөрүү катары баалады.

"Былтыркыга салыштырмалуу биздин бюрого быйыл маркумдарды он эсе аз алып келишүүдө. Элестетсеңиз, бул көрсөткүч өлүмдүн саны он эсеге азайды дегенди билдирет. Муну биздин дарыгерлердин эң чоң жетишкендиги десем болот. Ал эми бейтаптын организминдеги өзгөрүүлөргө келсек, былтыр кандай болсо, быйыл деле ошондой. Морфологиялык жактан COVID-19 эч өзгөргөн жок. Биринчи кезекте өпкө, андан соң жүрөк, кан тамыр ж.б. органдар жабыркоодо.

Илгерилебеген эмдөө өнөктүгү

Адистер Кыргызстанда ээмдөө өнөктүгү өтө жай жүрүп жатканын белгилешет. Март айынын аягынан тартып калктын 0,04% гана эмделди. Кытай менен Орусиядан келген вакцинаны 87 645 адам сайдырды.

Майдын соңунда кытай препаратынын биринчи дозасы түгөнгөн. Кийинки партиясы июндун башында келери айтылганы менен азырынча келе элек. Дүйнөлүк банк берген 20 миллион доллардын 17 миллионуна бир миллион доза вакцина алынары жарыяланган.

COVID-19: эмдөө эмне үчүн керек?
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:55 0:00

Оорунун үчүнчү толкуну

Ошол эле кезде саламаттык сактоо жаатындагы эксперт Айбар Султангазиевдин божомолунда, өлүм саны расмий эсептен алда канча жогору болушу мүмкүн. Ал бийликти вакцина маселесин чечпей жатат деп сындады.

"Биз былтыр күздөн бери үч ирет шайлоо өткөрдүк. Ага 1,5 млрд. долларга чукул каражатты сарптадык. Ошол эле маалда мамлекет элибизди коронавируска каршы эмдөөгө акча жок деп отурат. Башкасынын баарын токтотуп туруп, биринчи кезекте элди жапырт эмдеш керек болчу да. Вакцинаны кайыр сурагандай алып жатабыз. Алар да бизге өздөрүнөн ашса берет. Эптеп Орусиядан 20 миң, Кытайдан 150 миң доза алдык. Болгону 80 миңдей адам эмделди. Эпидемиологиялык жактан алып караганда, бул вирус менен күрөшүүгө эч кандай салым кошпойт.

Кыргызстанда COVID-19 107 714 адамга жугуп, алардын 101 033ү айыгып чыкты.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда вирустун мутацияланган төрт штаммы аныкталган жана үчүнчү толкун май-июнь айларына туура келиши ыктымал деген божомолдор айтылган.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG