Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:09

Нью-Йорктогу сот “Кумтөр Голд Компани” боюнча ишти карай баштады (жаңыланды)


Кумтөр алтын кени, 28-май 2021-жыл.
Кумтөр алтын кени, 28-май 2021-жыл.

8-июнда АКШдагы банкроттуулук боюнча сот “Кумтөр Голд” жана “Кумтөр Оперейтинг” компанияларына байланыштуу ишти карай баштады. Нью-Йорктун Түштүк округуна караштуу бул соттун судьясы Лиза Бекермандын макулдугуна ылайык, автоматтык түрдө токтото туруу жөнүндө буйрук күчүнө кирди. Соттук документтерге ылайык, азырынча компанияларга юридикалык же административдик чара көрүүгө, алардан доо өндүрүүгө жана ал ишканалардын мүлкүн тартып алууга, ошондой эле кендин ишине байланыштуу келишимдерди токтотууга же өзгөртүүгө да болбойт. Бул чектөө бардык жеке адамдарга жана чет өлкөлүк же жергиликтүү өкмөттүк мекемелерге да тиешелүү.

Бул чечим боюнча Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоп жаткан адвокат, “Arnold & Porter” эл аралык юридикалык фирмасынын өнөктөшү Бенжамин Минц “Азаттыкка” комментарий берип, 8-июнда сотто биринчи процедуралык гана угуу болгонун айтты.

“АКШнын мыйзамдарына ылайык, Кошмо Штаттарда банкроттуулук боюнча арыздын жолдонушу автоматтык түрдө токтото туруу дегенди туюнткан жол-жобону ишке киргизет. Бул жобо компаниянын мүлкүн сактоо үчүн жана эгер компания ишин улантып жатса андагы жүрүп жаткан операцияларды коргоо үчүн колдонулат. Америкалык эмес компаниялардын жана автоматтык токтото туруу жөнүндө мыйзамдык жобо менен тааныш эмес жеке адамдардын пайдасы үчүн судья бул жобону буйрук формасында колдонууга макул болду. Бул буйрук мажбурлап ишке киргизилет дегенди жана “Кумтөр Голд Компаниге” жана “Кумтөр Оперейтинг Компаниге” каршы доолор токтотулат дегенди билдирбейт. Бул болгону тиешелүү тараптардын укуктары менен милдеттерин өзгөртпөй турган административдик буйрук”, - деп билдирди Бенжамин Минц.

Кумтөргө байланыштуу Нью-Йорктогу соттук отурум дагы улана турган болду.

Кыргыз өкмөтүнүн кызыкчылыгын коргогон адвокаттар Нью-Йорктогу соттук териштирүүгө каршы арызданууну көздөп жатканын 8-июнда The Wall Street Journal басылмасы жазган.

“Кумтөр Голд” жана “Кумтөр Оперейтинг” компаниялары АКШнын банкроттуулук жөнүндөгү федералдык кодексинин 11-бөлүмүнүн негизинде сотко кайрылганын Кумтөр алтын кенин иштетип келген “Центерра Голд” компаниясы 31-майда билдирген. Компания Нью-Йорктогу сот жараяны "Кумтөр Голд Компани" менен "Кумтөр Оперейтинг Компаниге" каршы бардык доолордун автоматтык түрдө убактылуу токтотулушун камсыз кыларын маалымдаган.

Кыргыз өкмөтү “Центерра Голд” компаниясына экология жана салыкка байланыштуу 4,2 миллиард доллардык доо коюп, май айында “Кумтөр Голд” ишканасына тыштан башкаруу киргизген. “Центерра” кыргыз тараптын дооматтарын четке кагып, Стокгольмдогу Эл аралык арбитражга кайрылган. Арбитраждагы териштирүү качан башталары азырынча белгисиз.

P.S. Жаңылык 11-июнда “Arnold & Porter” юридикалык компаниясынын берген комментарийине ылайык жаңыланды.

XS
SM
MD
LG