Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Инвестициялар министрлигинин жобосун бекитти. Ага ылайык министрликтин курамына бир канча мамлекеттик мекемелер кирди.
Жаңы жобого ылайык, министрлик инвестициялар, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк, мамлекеттик мүлктү башкаруу, банкроттук жана анын алдын алуу, эркин жана башка экономикалык зоналарды өнүктүрүү чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгууга жооптуу болот.
Мындан тышкары министрликтин карамагына Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду, Банкроттук иштер боюнча департамент жана “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору” мамлекеттик мекемеси өткөрүлүп берилди.
Токтом президент Садыр Жапаровдун 5-майдагы “Министрлер кабинети” жөнүндө жарлыгын ишке ашыруу максатында кабыл алынган. Инвестициялар министрлигин Алмамбет Шыкмаматов жетектейт. (МТа)
Дагы караңыз
NYT: АКШ "Манастагы" базага кайтууну караштыруудаТурдубаев күтүүсүз кызматтан алындыНурайымдын чырактай өмүрүн кыйган окНью-Йорктогу сот “Кумтөр Голд Компани” боюнча ишти карай баштады (жаңыланды)