Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун тарапташтары бүгүн, 1-июнда Улттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдына митингге чыгары айтылды.
Алар бул тууралуу 31-майдын түнүндө Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунун алдына чогулганда билдиришти.
Митингден тышкары депутаттарды колдоочулардын элдик штабын түзүү да пландалууда.
Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков жана Төрөбай Зулпукаров 31-июлга чейин Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тергөө абагына камалды. Бул чечимди 31-майда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды. УКМКнын маалыматына ылайык, депутаттарга Кумтөр кениндеги коррупциялык иштерге байланыштуу Жазык кодексинин 319-беренесинин (Коррупция) негизинде айып тагылды.
Жээнбеков менен Зулпукаров 31-майда атайын кызматка сурак беришкен.
Мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууган иниси Асылбек Жээнбеков 2011-2016-жылдары Жогорку Кеңештин төрагасы болгон. Ал эми Төрөбай Зулпукаров Социал-демократтар фракциясынын лидеринин орун басары болчу.
31-майда УКМК "Кумтөр" долбоорун ишке ашырууда коррупция фактысына байланыштуу мурдагы жогорку кызматтагы адамдар кармалганын маалымдаган.
Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов, Жогорку Кеңештин экс-депутаттары Исхак Пирматов менен Талантбек Узакбаев камалды. (BCh)
Дагы караңыз
Асылбек Жээнбеков жана Төрөбай Зулпукаров эки айга камалды "Кайрыктарды кагазга түшүрбөгөнүмө өкүнөм"Бабанов кармалды, Жээнбеков менен Зулпукаров 2 айга камалдыCOVID-19: Түркияда чектөө эрежелери өзгөрдү Чек ара: Аркадагы азыркы турмушЖээнбеков менен Зулпукаровдун тарапташтары соттун алдына чогулууда