Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:50

Жээнбеков менен Зулпукаровдун тарапташтары соттун алдына чогулууда


Соттун алдына чогулгандар.
Соттун алдына чогулгандар.

"Азаттыктын" жериндеги кабарчысынын маалыматына караганда, Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун ондогон тарапташтары Бишкектеги Биринчи май райондук сотунун алдына келди.

Азыркы тапта эки депутаттын баш коргоо чарасы каралып жатканын Жээнбековдун адвокаты Давран Касымов журналисттерге айтты.

Жогорку Кеңештин депутаттары Жээнбеков менен Зулпукаров Улуттук коопсуздук комитетинде (УКМК) 31-майда сурак беришкен.
Эки депутат кайсы иштен улам сурак бергени белгисиз.

Асылбек Жээнбеков 2011-2016-жылдары Жогорку Кеңештин төрагасы болгон.
Дагы бир депутат Исхак Пирматов бүгүн "мыйзамсыз баюу" беренеси боюнча УКМКда суракка алынып, камалганы кабарланууда. Бирок, расмий булактар бул маалыматты тактай элек.

УКМК 31-майда "Кумтөр" долбоорун ишке ашырууда коррупция фактысына байланыштуу мурдагы жогорку кызматтагы адамдар кармалганын кабарлаган.

Атайын кызмат азырынча мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов камалганын расмий бышыктады.

Өткөн аптада Кумтөргө байланыштуу мурдагы экс-премьер министр Темир Сариев УКМКга сурак берип чыккан. (BCh)

XS
SM
MD
LG